Menu

Элвира Сурабалдиева: “Окуучу кыздардын арасында бойдон алдыруулар көбөйүүдө”

Бөлүшүү:

Окуучу кыздардын арасында бойдон алдыруулар көбөйүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин базарларына жакын жайгашкан жеке гинекологиялык кеңселерде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз бойдон алдыруусу практикаланууда.

“Айрым кыздар аборт жасатуу үчүн айылдардан келишет. Бул алардын ден-соолугу жана келечеги жөнүндө маселе. Балким, мектептердеги адеп сабагын улантып, аларга сексуалдык сабаттуулукту үйрөтүшүбүз керекпи?” – деди ал.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуу жылынын башынан бери беш окуучу кыз кош бойлуу болуп калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: