КТРКнын башкы директору болуп Бактияр Алиев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин отурумунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, буга чейин коомдук телеканалдын жетекчисинин милдетин аткарып келген Бактияр Алиевдин талапкерлигин Байкоочу кеңештин 11 мүчөсү колдогон.
Ал эми талапкерлер Болотбек Тиллебаев менен Абдыкадыр Султанбаев эки добуштан алышкан.
Жалпысынан КТРКнын башкы директору кызматына 15 талапкер катышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ