Өзгөн районунда айдоочу ЖКККББнын инспекторуна кол салды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирет.
Алардын айтымында, окуя 27-декабрда Өзгөн шаарынын Гагарин жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Toyota Wish” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаа башкарып бара жатып телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспектору тарабынан токтотулган. Ал адам укук коргоо органынын кызматкерине баш ийбей, алар уруша баштаган, андан кийин погонун жулуп, инспекторду бир нече жолу урган.
Факт КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси “Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү” боюнча иш козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ