Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов КРнын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
«Сиздерди келе жаткан 2021-жыл — Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы менен чын дилимден куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, кубаныч, бардык ишиңизге албан ийгиликтер, ал эми боордош элге тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл баарына бакыт жана бакубатчылык алып келсин!», — деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ