“Революция өзү мыйзамга каршы кубулуш, аракет анткени революция өлкөдө орногон саясый-коомдук системага нааразы болуп, иштеп жаткан мыйзамдарга жана башкаруучу элитага каршы көтөрүлүп чыккандыктан революциянын жеңүүчүсү өзү туура деп эсептеген кадамдардын каалаганын жасоого укугу бар, революциялардын парасы (маховик) дайыма ушундай иштеп келген. Жеңүүчү баарын алат, жеңилген куржалак калат. Улуу француз революциясы учурунда да, англия, голландия, иран, кытай жана улуу орус революциялары учурунда да ушундай болгон”, – деп билдирди профессор Зайнидин Курманов журналист Нарын Айыптын суроолоруна жооп берип жатып.
“Анан азыр кээ бир эксперт сөрөйлөрдүн “кокуй, тигил мыйзам бузулду, бул мыйзам бузулду, куткара көргүлө!” деп жер тепкилегенин көрүп, мен андай эксперт сөрөйлөрдүн ушунчалык билимсиздигине таң калам”, – деди илимдин доктору Зайнидин Курманов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ