Menu

Аксы райондук милиция башчысы кызматтан алынды

Бөлүшүү:

Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шекербек Тагиров ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу 4-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Таңгиров Аксыдагы нааразылык акцияларына байланыштуу иштен алынганы айтылган.

ИИМдин билдирүүсүндө, былтыр 7-октябрдагы массалык башаламандык жана анда киши өлүмүнө алып келген окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында камакка алынган Аксы районунун тургуну Жылдыз Шадыбековду бошотуу талабы менен 300гө адам 2-январда Жалал-Абад шаарында митингге чыккан. Акция 4-январда Аксыда уланып, нааразы тарап жол тоскон. Талаптары аткарылбаса, эртең кайра жол тосо турганын билдиришкен.

Митингге чыккандар Шадыбековду үй камагына чыгарууну, ишти калыс иликтөө жана Аксы районунун акими менен милиция башчысын иштен алып, жоопко тартууну талап кылган.

4-январда Ички иштер министрлигинин буйругу менен Шекербек Таңгиров ээлеген кызматынан бошотулду. Район акими Эсеналы Ормоналиев да кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Кылмыш ишин иликтөөнү УКМК көзөмөлгө алган.

2020-жылдын 7-октябрында Аксы районунун борбору Кербен шаарында акимди кызматтан кетирүүнү талап кылып чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолгон. Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин ооруканада каза болгон. Окуяда алты киши жараат алган.

Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган.

Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: