Menu

Өзбекстанда насвай сатууга тыюу салуу сунушталууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Алкоголь менен табак рыногун жөнгө салуу жана шарап өндүрүшүн өнүктүрүү агенттиги өкмөткө насвайга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кеңири тараган насвай калктын ден соолугуна жана экономикага олуттуу зыян келтирүүдө деп эсептейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстанда 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында насвай тартуу деңгээли өтө жогору – 6 пайыз. Бул көрсөткүч Кыргызстанда – 5,1 пайыз, Тажикстанда – 1,8 пайыз, Казакстанда – 0,6 пайыз, Түркмөнстанда – 0,2 пайызды түзөт.

Насвайды негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары тартат. Кишилер аны үй шартында өндүрүшөт.

Азия 360°: насвай – Борбор Азиянын легалдуу маңзаты:

https://www.currenttime.tv/a/30878188.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: