Талас облусундагы тез тамактануучу жайда газ баллондун жарылуусунан жабыркаган эки адам реанимацияда калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, 11 жабырлануучунун ичинен он адам ооруканада жатат, экөөнүн абалы оор. Бардыгы ар кандай деңгээлдеги күйүк алган. Бир бейтап амбулатордук дарыланууга чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ