Бүгүн, 5-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 124 учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 59, Чүй облусунан – 51, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 11, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 81 512 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 227 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 76 955ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 48, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 74, Ош облусунан – 18, Талас облусунан –14, Ысык-Көл облусунан – 44, Жалал-Абад облусунан – 13, Баткен облусунан – 6, Нарын облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан каза болгон учурлар катталган жок. Бул убакка чейин аталган илдеттен өлкө боюнча 1360 адам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ