Бүгүн, 6-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 144 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 60, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 30, Ош облусунан – 10, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 11, Нарын облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 81 656 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 215 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 77 170ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 65, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 60, Ош облусунан – 20, Талас облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 34, Жалал-Абад облусунан – 10, Баткен облусунан – 3, Нарын облусунан – 8.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1361ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ