Menu

28 жаштагы этникалык казак кызы кантип Францияда мэрдин орун басары болду?

Бөлүшүү:

Жакында казнетте 28 жаштагы этникалык казак кызы Есим Саваш Франциянын түндүгүндөгү Крейл шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды деген кабар тарады. Бул кызматка аны шаар тургундары шайлашкан.  Көрсө, ал кыз казак элинин көзкарандысыздыгы үчүн күрөшүп келген Зука баатырдын небереси экен. Есим Саваш Tengrinews.kz сайтына саясий карьерасы, жашоого болгон көз карашы жана Казакстанга баруу пландары жөнүндө айтып берди.

Есим Парижде төрөлгөн. Ата-энеси Түркияда жашап, кийин Францияга көчүп барууну чечишкен.

“Биздин ата-бабаларыбыз казак Алтайында жашаган. Мен 20-кылымдын башындагы Түркстандагы кытайларга каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы Зука баатырдын чөбөрөсүмүн. Менин чоң атам алардын эзүүчү бийлигине каршы күрөшкөн. Ал согушуп, өз элин Алтай аймагын коргоп келген. Ал өз жеринин бүтүндүгүн коргоп, адамдардын жашоосу үчүн бардыгын жасаган”, – дейт Есим.

Есим эч качан саясатчы болом деп ойлогон эмес, бирок ал ар дайым адамдардын укугун коргоп, социалдык теңдик үчүн күрөшкөн. Балким, бул касиет ата-бабасынан калгандыр…

“Мен кичинекей кезимде дүйнөлүк ачарчылык, балдардын билим алуусу, балдарды мажбурлап иштетүү жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө ойлончумун. Азыр менде бул көйгөйлөр менен өз деңгээлимде күрөшүүгө жетиштүү күчүм бар”, – деди Есим.

Билими боюнча ал мугалим жана экономист. Бирок,  саясатка алгач 18 жашында келген.

“Мен Марокконун Дахла шаарында жаштардын жашоосун жакшыртуу үчүн күрөшкөн кыймылга катышып жүрдүм. Ошондо мен бул тармак меники экендигин түшүндүм. 20 жашымда мени жаштар иштери боюнча кеңешчи кылып шайлашты. Ошондо биз жаштар үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыра алдык. Шаар тургундарынын жыргалчылыгы үчүн иштөө каалоосу мени 2014-жылы боло турган муниципалдык шайлоого катышууга түрткү берди. Алар мени шаардык кеңештин депутаты кылып шайлашты. Мен анда эл аралык мамилелер тармагына жооптуу болдум.

Ал эми 2020-жылы мэрдин маданият боюнча орун басары болуп шайландым. Бул менин саясаттагы узак карьерамдын башталышы гана деп үмүттөнөм”, – дейт Есим.

Ал Францияда саясатта аялдар көп эместигин белгилейт.

Есимдин айтымында, Францияда көптөгөн казактар жашайт. Алар бири-бирин активдүү колдошот, тез-тезден жолугушуп турушат, маданий иш-чараларды уюштурушат. 

Азырынча Есим Казакстанга барып көргөн эмес, бирок биринчи мүмкүнчүлүк болор замат ал жакка барууну.

“Менин атам Казакстанга көп каттайт. Мен көп иштегендиктен ал жакка барган эмесмин. Саякаттоого дээрлик убакыт жок”, – дейт ал.

Булак: “ Tengrinews.kz

Кыргызчалаган: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: