Menu

Сауд Арабиядагы журналист түрмөдөгү кыйноолордон улам көз жумду

Бөлүшүү:

Сауд Арабиянын массалык маалымат каражаттарынын оппозициялык өкүлү жана жазуучу Турки бин Абдул Азиз аль-Жассер түрмөдөгү кыйноолордон улам көз жумду. Бул тууралуу “Middle East Monitor” сайты жазып чыкты.

Жазылган маалыматтар боюнча аль-Жассер 2017-жылы, “Kashkool аттуу жашыруун Твиттердеги аккаунт аркылуу белгилүү кызмат адамдары жана королдук үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жасалган адам укуктарын бузуу фактыларын ачыктап келгендиги үчүн камакка алынган. Анын Твиттердеги аккаунтун аныктаган шпиондордун Сауд Арабиясынын ханзаадасынын мурунку кеңешчиси Сауд аль-Кахтани менен байланышы бар экени айтылган. Кахтани Хашоггинин өлүмүн иликтөө иштерине байланыштуу кызматынан алынганы белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, 2-октябрда араб журналисти Жамал Хашогги Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Арабиянын башкы консулдугунун имаратына кирип, ошол бойдон дайынсыз жоголгону айтылган. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып, журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Көп өтпөй анын жансыз денеси Стамбулдагы башкы консулдуктун резиденциясынын аймагындагы кудуктан табылганы белгилүү болгон.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: