Menu

Кызыл-Кыя шаарында 39 жаштагы аялдын колу-бутун байлап, 100 миң сом жана алтындарын тоноп кеткендер кармалды

Бөлүшүү:

Кылмыш изи сууй электе каракчылык кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-январь күнү түн ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы жашоочусунун (аял киши) үйүнө беттерине кара түстөгү бет кап тагып, колдоруна медициналык ак кол кап кийген 2 белгисиз атуул кирип, ашканадагы бычак менен коркутуп, анын колу-бутун байлап, эркине каршы күч колдонуп, үйүндөгү 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алышып белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери жана милициянын уполномоченныйлары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштын изи сууй электе 6-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 31 жаштагы К.Н., Ноокат районунун жашоочусу 32 жаштагы Р.Р. жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 26 жаштагы Н.А. аныкталып кармалышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 31 жаштагы К.Н., Ноокат районунун жашоочусу 32 жаштагы Р.Р. мурда оор беренелер менен соттолгондугу аныкталган.

Азыркы учурда кармалган шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: