Menu

Казакстан менен Орусия мунай өндүрүүнү көбөйтөт

Бөлүшүү:

Орусия менен Казакста февраль жана март айларында мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтөт. Коронавирустун жаңы түрүнө кабатыр болуп турган Сауд Арабиясы болсо тескерисинче кыскартат.

ОПЕК+ тобунун калган мүчөлөрү мурунку келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө мунай өндүрө берет. Эки күнгө созулган ОПЕК+ тобунун жыйынына катышкандар дал ушундай келишимге келишти.

Орусия менен Казакстан 4-январда башталган жыйында февралдан тарта суткасына 500 миң баррель мунай өндүрүүнү сунуштап, башкаларды буга көндүрүүгө тырышкан. Бирок Сауд Арабиясы коронавирустун жаңы штаммы дүйнө элдерин лакдаун киргизүүгө мажбурлап жатканын айтып, сунушту колдогон эмес.

ОПЕКтин де-факто лидери болуп саналган Сауд Арабиясы менен Орусиянын былтыр мартта мунай өндүрүү квотасы боюнча талашы бир күндө кара майдын мурда болуп көрбөгөндөй арзандашына алып келген.

5-январда жетишилген ОПЕК+ келишиминин алкагында, Орусия менен Казакстан февраль жана март айында суткасына 75 миң барелль мунай өндүрө алат. Сауд Арабиясы болсо бул эки айда мунай өндүрүү көлөмүн суткасына 1 миллион баррелге кыскарат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: