Menu

“Сардаба ишине” катышы бар айыпталуучулардын туугандары негизги күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жатканына нааразы

Бөлүшүү:

5-январда Ташкент шаардык сотунда Сардаба суу сактагычындагы жарылууга байланыштуу кезектеги сот отуруму өттү. Анда шектүү иретинде 17 кишинин иши каралууда.

Тергөө кортундусуна ылайык, Сардаба суу сактагычындагы апааттан мамлекетке 45 млрд сум (4 млн 280 миң доллар) чыгым келген. Кылмыш ишинин башкы айыпталуучулары көрсөтүлгөн сумманын бир бөлүгүн гана төлөшкөн.

Өзбекстандын Жогорку соту бул иш мамлекеттик сыр болгондуктан, жараян жабык өтөрүн маалымдаган.

Бул арада айыпталуучулардын жакындары азыр төмөнкү деңгээлдеги аткаминерлер гана жоопко тартылып, суу сактагычты салууга катышкан жетекчилер боштондукта жүргөнүн айтышууда.

Сардаба суу сактагычын салууга катышкан “Өзбекстан темир жолдору” компаниясынын кызматкери мамлекетке 105 миң доллар төлөп бергенин айтты.

Соттук жараян 21-декабрда башталган. Кырсык боюнча “Кызматтык шалаакылык”, “Курулуш, тоо шартындагы жана жарылуучу зарттар менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери боюнча иш козголгон.

Кырсыкты иликтеген эксперттердин корутундусуна караганда, дамбанын жарылышынын себеби долбоордун документациясында, курулушунда жана эксплуатациясында кетирилген кемчиликтер менен катачылыктарга байланыштуу.

Сардаба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу боюнча демилге Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: