Menu

2021-жылдын 1-июлуна чейин ЕАЭБ алкагында улуттук процедура боюнча дары-дармек каражаттарын каттоо үчүн өткөөл мезгил узартылды

Бөлүшүү:

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши арыз берүүчү тарабынан дармек каражаттарын каттоону ишке ашырууну Евразиялык экономикалык бирлик эрежелерине, же интеграциялык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тандоо мүмкүнчүлүгүн берген  өткөөл мезгилдин мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу (алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн) чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өткөөл мезгилди узартуу жана дармек каражаттарын улуттук каттоодон өткөрүүнү сактоо чечимин кабыл алуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге карай муктаждыгын толугураак канааттандырууга, ошол эле учурда каттоо досьелерин ЕАЭБ каттоо эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: