Menu

Кыргызстандын патриоттук күчтөрү элди 30-мартта саат 10-00дө “Ала-Тоо” аянтына митингге чакырат

Бөлүшүү:

Урматуу боордоштор!
Быйыл 18-мартта
өзбектер биздин жерди басып алып, ары бери каттаган Аксы, Алабука, Чаткал тургундарынын паспорторун текшерип, кыргыз жеринде кожоюндук кылып жатса да, Президент баш болуп, Парламент, Коргоо Кенеш чукул жыйын өткөргөн жок. Муну агрессия катары баалап өзбектерди өлкөбүздөн кууп чыккандын ордуна, Премьер министр Сариев Кербенге келип, «О переносе радиорелейной станции, находящиеся на территории Республики Узбекистана» деген 11- ноябрь 2015 – жылы өзү кол койгон 18-177 номерлуу протоколду шаар депуттатарына берип, Унгар тоодо жайгашкан Кыргызстандын станцияларын башка жерге көчүрүү боюнча чечим кабыл алууну талап кылды.
Унгар тоону
Өзбек территорясы деп Сариев кайсы негизде пртоколго кол койгону белгисиз болгондуктан, Кербен депутаттары Сариевдин сунушун четке кагышты.Себеби Унгар тоо Кокон, Совет, бүгүнкү доордо да кыргыздын гана жери болгон. Ошондуктан ким жана качан Унгар тоону Өзбекстанга берип койгонун сөзсүз такталышы керек.
Өзбекстандын куралдуу күчтөрү
биздин аймактан бүгүн чыкканы менен, Узөнгу Куушту кытайларга, Каркыраны, Маймакты, Көксайды казактарга алдыргандай, Унгар тоону өзбектерге алдыруу коркунучу сакталып турат.
Мунун жүйөлүү эки себеби бар
1.Өзбектер басып алган жерди, өзбектер бүгүн биздин жер деп ачык эле айтып жатышат.
2.”Өзбекстандын территорясы болгон Унгар тоодон” биздин релейный станцияны башка жерге көчүргүлө деп Кербендин шаардык кенешине Сариев тапшырма берди.
Унгар тоонун өзбектерге өткөнү
22-мартта оппозиция Кербенде митинг өткөрбөсө ачыкка чыкмак эмес. Парламент бул маселени кароодон баш тартып жаткандыктан, буга ким күнөөлү
экенин эл билбейт.
Ата бабабыздын киндик каны тамган жерди
өзбектерге алдырбаш учун, Сиздерди 30-мартта саат 10-00 Бишкектин борбордук аянтында баштала турган тынч митинге чыкырабыз. Ал митингде:
Бай патриот депутаттарды
митинге чыккан элди колдоп, коргоп турууга чакырабыз.
Жогорку Кеңештен
1.Сариев эмне учун Унгар тоону Өзбекстандын территорясы деп атап жатканын Аксы районунун депуттарынын катышуусу менен тактап чыгууну талап кылабыз.
2.Ипотека насыячылардын карыздарын женилдетуу боюнча, насыячылардын демилгеси менен 10 миң киши колдогон атайын мыйзамды кезексиз кабыл алууну өтүнөбүз.
Өкмөттөн
1.Электроэнергиянын баасын 70 тыйынга кайра түшүрүүнү талап кылабыз.
2.Элдин жөлөк төлөмдөрүн кайра ордуна койууну талап кылабыз.
3.Кумтор келишимин денонсациялоону талап кылабыз.
4. Жеруй, башка кендерди кимдер алып, кимдерге сатканын ачыктоону талап кылабыз.
5. 2010 – ж революцияда улутташтырылган объектерди кимдер алганын атоону талап кылабыз.
Президентен
1.Батукаевди бошоткондорду, морадерлорду жоопко тартууну талап кылабыз.
2.Өлкөдө саясый куугунтукту токтотууну талап кылабыз.
Күч органдарынын өкүлдөрүнөн
Бийликти эмес мыйзамды сыйлап, тынч митинге чыккан элди чагымчылардан коргоону өтүнөбүз.

Кыргызстандын Патриоттук Күчтөрүнүн Координациялык Кеңеши

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: