Menu

Кыргыз Улуттук илимдер академиясы отуздан ашык адабиятка арналган китеп чыгарды

Бөлүшүү:

Китептер Өкмөттүн токтомуна ылайык мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында чыгарылды.

Жумушчу  топтун мүчөсү, координатору, КР УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев басылып чыккан китептердин төмөнкүчө белгиледи:

“Каражатты Өкмөт  бөлүп берди. Өткөн жылы китеп чыгарууга 30 млн.  сомго тендер  жарыялаганбыз. Өткөн жылы “Түшүндүрмө сөздүк”, “Орусча-кыргызча сөздүк”,  “Синоним”, “Омоним”, “Антоним”,  ж.б. сөздүктөр, “Эл адабияты”, “Залкар  акындар”, “Окурмандын  китеп текчесине”  деген  сыяктуу  эмгектер жарык көргөн. А быйыл болсо «Залкар акындар», «Эл адабияты», «Окурмандын китеп текчесине», “Айтыш” деген сериялар менен чыгууда. Айыл жерлеринде китептер жетишсиз. Ал тургай айрым чыгармаларды Улуттук китепканадан дагы табуу кыйын. Себеби 60-70-жылдары чыккан китептер эскирип тытылышы, кээ бир барактарынын жоктугу керектөөчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келгенин эске алсак кайрадан жаңыланып, редакцияланып жарык көрүшү учурдун талабы. Орточо эсептесек жогорудагы отуз бир томдун ар бири 500 нускадан чыгарылды. Бул миңдеген керектөөчүлөрдү камсыз кылаары талашсыз – деп билдирди.

Китептер “Принт-экспресс” басмаканасынан жарык көргөн.

Жаңыдан жарык көргөн китептердин толук тизмеси:

«Залкар акындар» сериясы боюнча

8-том.         Барпы Алыкулов

9-том.         Молдо Кылыч

10-том.       Молдо Нияз, Молдо Багыш, Ныязаалы Молдо, Өмөр Молдо

11-том.       Солтобай, Сартбай, Жаныш, Балык, Алайчиев.

12-том.       Нурмолдо, Боогачы, Казыбек

13-том.       Ы.Шайбеков, А.Жутакеев, А.Чоробаев, А.Бердибаев.

14-том.       Үсөнбаев А, Шабданбаев Т, Борончиев Ы.

15-том.       Айталиев А, Тыныбеков Т, Турсуналиев Э, Абдиев Т.

«Эл адабияты» сериясы

11-том.       Кедейкан, Шырдакбек, Тайлак баатыр, Эмгек ырлары

12-том.       Көкүл, Карач Көкүл, Арман ырлары

13-том.       Эр Эшим, Макал-лакаптар

14-том.       Эр Солтоной, Жаманкара баатыр

15-том.       Элдик поэмалар

16-том.       Кыргыз эл кошоктору

17-том.       Тарыхый ырлар жана поэмалар

18-том.       Ак мөөр, Алп Тобок, Шабдан казалы

19-том.       Санат, насаат ырлары

20-том.       Каада-салт, баталар

«Окурмандын китеп текчесине» сериясы

11-том.       Жантөшев Касымалы “Каныбек”  1-китеп

12-том.       Жантөшев Касымалы “Каныбек”  2-китеп

13-том.       Абдукаимов Узакбай

14-том.       Токтомушев Абдрасул

15-том.       Осмонов Алыкул

16-том.       Каимов Касым

17-том.       Байтемиров Насирдин

18-том.       Абдымомунов Токтоболот

19-том.       Шүкүрбеков Райкан

20-том.       Алыбаев Мидин

“Айтыш” сериясы

4-том                   Айтыш

5-том                   Айтыш жана Манас энциклопедиясынын 2-тому.

Адабий китептер2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: