Кечээ, 28 –октябрда Ош шаарындагы «Сема» лицейинде жаңы жатакананын ачылыш аземи болуп өттү. Жатакананы лицейдин бир кездеги бүтүрүүчүсү Алмаз Шарабидинов өз каражатына салган. Бул тууралу “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.
Алмаз Шарабидинов, Ош шаарындагы “Сема” лицейинин 1997- жылдагы бүтүрүүчүсү. Ал билим берүүнүн инфраструктурасын жакшыртууга салымын кошкон жана өзүнүн альма-материн унутпаган “Себат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн бири.
Жатакананын 4 кабаттуу имараты 60 бөлмөдөн, 30 жуунучу жайдан, 2 ашканадан жана бир чоң эс алуу учун бөлмөлөрдөн турат. Жатакана 400 окуучуну кабыл алууга даяр. 24-октябрдан бери жылуулук менен камсыздалып, 1-сентябрдан баштап кызматына киришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ