“2010-жылкы ыңкылаптан кийин эмне өзгөрдү? Экономикабыз дүңгүрөп өсүп, бир өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошулуп кеткен жерибиз жок. Болгон мактанычыбыз сөз эркиндиги эле. Бирок, ошол сөз эркиндигибизди сактап калышыбыз керек да. Мамлекеттик ММКларда эки тараптуулук, калыстык жок. Эл аралык журналистиканын жөнөкөй эрежеси бар, Асанга сөз берсең, Үсөнгө да сөз бер. Бизде андай болбой жатпайбы! Коомдо ар түрдүү пикир болуш керек, башкача ойлонгон адамдарга да сөз беришибиз керек. Эки тарапты бирдей чагылдыр, курч бол, бирок калыс бол деген. Бизде андай болбой жатпайбы! Башкача ойду айткан адамдарга да сөз беришибиз керек, элге дагы. Сөзсүз эле ошол бир адамдай ойлонушубуз керек деген – бул туура эмес”, – деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев.
“Экинчиден, мобу Акаевчи жана Бакиевчи деген сөздөрдү мындай абайлап колдонсок да. Эмне өсүп-өнүгөлү, реформа жасайлы десек азыр Акаев менен Бакиев жолтоо болуп жатабы? Же ошолордун кадрлары бизди колдон кармап алып өнүкпөгүлө, өспөгүлө деп жатабы? Андай жок да. Ошондуктан алдыны карап жылбайлыбы, артка карагандан пайда жок. Анан Конституцияны өзгөртүүгө ким каршы чыкса кылмыш ишин козгой койгону эмнеси? Анда эмне аны мурда козгогон жоксуңар? Же ошол эле Акаевчи, Бакиевчилер биздин арабызда жокпу? Бардык жерде бар. Акаевчи, Бакиевчилер жок бир да партия жок. Ошондуктан жаңы саясый маданиятты калыптандыралы. Реформаларды жасайлы”, – деди КСДПчы Жанар Акаев.
https://www.youtube.com/watch?v=RrCuV6BvRCU
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ