Menu

Улуттук илимдер академиясында “Айтматов окуулары-2016” иш-чарасы өттү

Бөлүшүү:

Залкар жазуучунун туулган күнүнө карата Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы кезектеги “Айтматов окуулары – 2016” илимий-практикалык иш-чарасын өткөрүлдү. Кыргыз элинин атагын алыска тааныткан, дүйнөлүк аренада эбегейсиз орду бар, чыгармалары 180ден ашык тилге которулган классик жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо ушул күндөрү 88 жашка толмок.

УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган салтанаттуу жыйынга Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин орун басары А.Муратов, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башчысы С.Раев, КР чыгармачыл кошундарынын жетекчилери, белгилүү акын-жазуучулар, Айтматов таануучулар, окумуштуулары жана коомдук ишмерлери катышты. Ошондой эле иш-чарага чет элдик илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү келишкен.

Б.Жакиев кыргыз элинин 2 жылдан кийин боло турган залкар жазуучунун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө камынуусу керектигин айтты. “Айтматовго тийиштүү улуттук деңгээлдеги барандуу нерселерди ишке ашыра албай жатабыз. “Айтматов борбору” деген масштабдуу борбор түзүлүшү керек. Анда Айтматовдун эле чыгармалары эмес, бүтүн улуттун, өлкөнүн маданиятын көтөрө турган, улуттун жүзүн көрсөтө  турган борбор болушу керек” – деди ал.

Ал эми драматург С.Раев өз кезегинде Айтматов кыргыз рухунун, интеллектуалдык духунун көтөрүүчүсү. Ар бир улутту дүйнөлүк дөөлөттөрдүн бийиктигине көтөрө турган адамдар бар. Алардын бири – кыргыз эли үчүн жаралган Ч.Айтматов” деген оюн билдирди.

Аль-Фараби атындагы КУУнун Абай илим-изилдөө институтунун директору, профессор Дадебаев “Шыңгыс Айтматовтың мифопоэтикасы” аттуу илимий баяндамасын тартуулап жатып, казак эли Чыңгыз Айтматовду өзүнө абдан жакын көрөөрүн белгилеп өттү.

“Айтматовдун айрым чыгармаларындагы мифологиялык каармандар (“Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”) болгону менен алардагы чындык өзөктүү, терең. Аларды окуп адам баласы ушундай экенбиз да деген ойлор жаралат. Анын пайдаланган каармандарынан улам, “адамзат” жана “адамзаттын келбети” тууралуу ойлор келет” – деп баяндамасында кошумчалады.

Ал эми Айтматовдун буга чейин кыргыз журтчулугуна белгисиз болгон “Чоор жана жер” деген чыгармасы жөнүндө билдирүү жасаган академик А.Акматалиев:

-Чыгарма 60-жылдардын орто ченинде, “Кош Гүлсарат” менен “Ак кеме” чыгармаларынын ортосунда жазылган чыгарма экен. Бул чыгармада дагы “Кош Гүлсарат” чыгармасындагы социалдык-драмалык кырдаал камтылган экен. Бул чыгарманы мен “Айтматов  чет тилдерде” деген библиографиялык көрсөткүчтөн таптым. “Флейта и земля” деп турат. Бул чыгарма “Знамя” деген журналда 1973-жылы, “Литературный фронт” деген адабий журналда, андан соң 1976-жылы жазуучунун тандалган чыгармаларынын экинчи томдугунда жарыяланыптыр. Бул китепти издеп жүрүп Болгариядан таптык. “Чоор жана жер” чыгармасында Байымбет менен Шолпандын сүйүүсү жөнүндө баяндалган.

Бул чыгарма орус тилинде дагы, кыргыз тилинде дагы жарык көрбөптүр. Бул Айтматов таануу илиминдеги сенсациялык көрүнүш деп айтса болот. Дагы бир сенсация – башкы каармандардын бири Асакеев деген болгон экен. Окуя боюнча бул каарман жаштарды Чоң Чүй каналын курууга үндөгөн партиялык кызматтагы адам болгон экен. Бул адам Шекер айылында иштеп кеткендиги билинди. Чыгармада Ата мекендик согуш башталып калып, ал согушка кетет. Турмушта да ал согушка кеткен экен. Сталинграддын алдында баатырларча курман болуптур – деп, Айтматовдун чыгармачылыгын океандай экендигин, дагы көптөгөн илимпоздордун изилдөө объектиси болоорун баса белгиледи.

“Айтматов окуулары – 2016” Эл аралык илимий-практикалык конференциянын башында катышуучулар Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышып, жазуучуга куран  түшүрүштү. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Кылым карытаар эки күн” деген даректүү тасма көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармаларына Ч.Айтматов атындагы №68 мектептин окуучулары жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышкан. КР УИАнын фоесинде китеп көргөзмөсү да уюштурулду.

Ошондой эле конференциянын дарегине 150 илимий макала келип, алардын ичинен 120 баяндама тандалып алынды. Андан 71 басма табак көлөмүндө “Айтматов окуулары – 2016”  илимий жыйнагы жарык көрдү.

Иш-чаранын алкагында айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан залкар жазуучунун туулган күнүнө карата эки китептин бет ачары өттү.

Анын биринчиси, “Айтматовдун асыл ой берметтери” // Түзгөндөр: К.Жусупов, А.Акматалиев, З.Дербишева. – Бишкек, 2016. – 255 б. – кыргыз, орус тилдеринде. ( “Жемчужные россыпи мыслей”). Китепке Ч.Айтматовдун публицистикаларынан жана көркөм чыгармаларынан тандалып алынган адамдын жашоо-турмушу, өнөр, табият, элдик мурас жөнүндөгү айрым ойлору жана философиялык насыят сөздөрү киргизилген.

2) Айтматов Ч.Т. Вселенная сотворена любовью: Интервью и диологи (1990-2008) // Сост. А.Акматалиев, Н.Ыйсаева. – Бишкек, 2016. – 208 стр. Бул китепке Ч.Айтматовдун 1990-2008-жылдары ММКларда жана интернет булактарда жарык көргөн интервьюлары жана маектери киргизилген.

“Айтматов окуулары – 2016” Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын экинчи күнүндө катышуучулар Чыңгыз Айтматов атындагы китепканага барышты.

Конференциянын катышуучулары өз макала, баяндамаларында Чыңгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук, асылдандыруучулук касиетке эгедер көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереңдетип изилдөө көп катмарлуу жана көп багыттуу иш экендигин белгилешти.

Эл аралык илимий конференция XX кылымдын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын идеялык-эстетикалык сабактарын тереңдетип өздөштүрүү, гуманисттик идеяларын жайылтуу үчүн төмөндөгү милдеттерди белгилейт.

-“Айтматов окуулары”Эл аралык илимий-практикалык конференциясынжыл сайын өткөрүп, материалдарын жарыялап туруу;

-Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу, чет тилдерге котормолорунун деңгээлине баа берүү, жазуучунун мурастарын КМШнын жана алыскы чет мамлекеттердин орто жана жогорку окуу жайларында окутуунун методикасын байытуу үчүн адабиятчы, лингвист, тарыхчы, культуролог, искусство таануучу, психолог, философ, педагогдордун биргелешкен аракеттерин күчөтүү;

-Чет тилдерде жарык көргөн эмгектерин чогултуу, аннотациялары менен библиографиялык жыйнак түзүү.

-Кыргызстанда жана чет өлкөдө чыккан макалалардын тандалмаларын түзүп, аларды кыргыз, орус, англис тилинде которуп жарыялоо ишин колго алуу.

-Айтматовтаануу багытындагы илимий изилдөөлөрдү интеграциялоо, өз ара маалыматтуулуктуарттыруу үчүн интернет-портал түзүү.

-Ар жылы 12-декабрда республиканын бардык окуу жайларында, китепканаларында Айтматов күнүнө арнап “Айтматов окууларынын” өткөрүлүп туруусу зарыл.

-Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын жогорку эл аралык деңгээлде өткөрүү үчүн эртерээк мамлекеттик комиссия түзүлүп, иш пландар аныкталуусу керек.

Ч.Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо, жайылтуу багытында чыгармачылык жана илимий изилдөө боюнча:

– ыр, проза, драмалык чыгармачылык багытта;

– Айтматовдук ойлордун негизинде музыка, сүрөт, айкелчилик багытында;

– республикалык эл аралык деңгээлде илимий изилдөөлөр боюнча конкурстар уюштурулуп туруусу зарыл.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо жана жайылтуу багытында көркөм тасма жана кыска метраждуу фильмдерди тартуу;

Бишкек шаарындагы Айтматов китептеринин китепканасына фондун байытуу, каржылоого мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүлүүсү зарыл.

Иш-чара “Ысык-Көл форумунун” 30 жылдыгына арналган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: