Menu

Атамбаевдин азыркы командасы “мураскерди” колдобой, президенттикке реалдуу кандидаттар Бабанов менен Төрөбаевге тымызын иштей башташты

Бөлүшүү:

Биздин ишенимдүү булактар билдиргенине караганда  Алмаз Атамбаев 5-январда, Кытайга учуп кетер алдында резиденциясына өзүнүн жан-жөкөрлөрүн жыйнап, мураскерин жарыялап, баардыгын бир максатта иштөөгө мобилизациялайт.

“Күзүндө өтчү президенттик шайлоого СДПКнын атынан талапкер болуп Сооронбай Жээнбеков чыгат. Ага тандем катары премьер-министрликке Албек Ибраимов  барат. Баарыңарды бүгүнтөн баштап  ушул тандемдин жеңишин камсыз кылууга жапатырмак аракет кылууга буйрук берем”, –  дейт Алмаз Атамбаев.

Ал жерде Аалы Карашев, Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов жана башка жан жөкөрлөрү болуптур. Атамбаевдин ачуусу келгенде ашата сөкчү кырс мүнөзүнөн чочулаган жан жөкөрлөрү кың дей алышпай баш ийкеп макул болушат. Бирок шефинин кабинетинен чыгышаары менен  “Экөөсү тең потенциалы төмөн, чындап айтса ууга жарабагандар. Сооронбайдын түштүктө да, түндүктө да кадыр-баркы жок. Аны президенттикке кантип өткөрөбүз? Албек ошол интеллекти менен кантип премьер-министр болот?” деп бушайман жешет.

Икрамжан Илмиянов  кошулбай  жүргүзүлгөн тымызын сүйлөшүүлөрдө “Сооронбай Жээнбеков менен Албек Ибраимовго БШКнын күчү менен эптеп бийликти алып бергенде деле  алар бийликти сактап, кармап кала ала турган деңгээлдеги күчтүү саясатчылар эмес да. Шеф алардын артынан карап көзөмөлдөп турат дейли десек, шефтин да ден соолугу жакшы эмес. Кокус шеф  жаза тайып кетсе биздин тагдырыбыз эмне болот? Сооронбай менен Албекке кошуп эл бизди да талап жебейби? Дегеле шефтин айланасында азыр бир ишене турган күчтүү инсан жок. Темир Сариев менен Иса Өмүркуловдордун амбициясынан башка эмнеси бар? Ичи көңдөй, артында добуш берчү электораты жок. Бири Москванын колдоосуна ишенсе, бири шеф мураскер кылабы деп шефтен гана үмүт этип жүрөт. Буларды ээрчисек талаада калып, эл журттан безип жүрбөйлү. Андан көрө реалдуу кандидаттарды  тандап, ошолордун командасына кошулалы ” деген  сүйлөшүүлөр болот.

Натыйжада, Икрамжан Илмиянов шефинин сөзүнөн чыкпай күздө Сооронбай Жээнбековду президент кылам деп чуркап жүрөт.

Ал эми ага караганда билимдүүрөк, акылдуулугу менен куулугу ашкан Аалы Карашев, Сапар Исаков, Абдил Сегизбаевдер “жумуртканын баарын бир корзинага салбайлы” деп өз ара тил табышып, ар башка кандидаттар менен тымызын союз түзүп, эгер кимисинин кандидаты президенттикке өтүп кетсе ошол башкаларын бийликке тартып кетмей болушуп, 2017-жылдын күзүндө өтчү президенттик шайлоого катыша турган, каржылык, электоралдык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү, реалдуу деп эсептелген кандидаттар Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевге бөлүнүп кетишиптир.

Азыр Аалы Карашев Бакыт Төрөбаевди тымызын колдоп иштеп жатса, Сапар Исаков, Абдил Сегизбаевдер Өмүрбек Бабановдун командасы менен тымызын  тыгыз  байланышта экен. Ал эми Фарид Ниязов “мен шеф менен до конца болом, кокус жамандык болсо 2005-жылдагыдай Канадага кетип калам” деп сыр бербей жатат дешет.

Эгер бул “оюнчулар” Атамбаевдин “мураскерин” колдошпосо анда “мураскердин” жеңишке жетиши өтө шек жаратат. Атамбаевдин “мураскер” операциясы ишке ашышы күмөн болот. Чынында эле азыр Атамбаевдин айланасында талашсыз авторитети бар, күчтүү саясый эркке ээ болгон, колуна тийген бийликти бекем мыкчып сактап кала ала турган, улуттук лидердин сапаттары бар  бир да инсан калбады. Баардыгы кыялы менен асманды чапчыган, иш жүзүндө бир кокту-колоттун лидери боло турган саясатчылар  топурап “президент болом”  деп чуркап жүрүшөт.

Булак:  Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: