Menu

Данияр Акматов: «Шектүүлөрдү жетелеп барып берсем да эч нерсе кылышпады»

Бөлүшүү:

 

Акыркы мезгилдерде укук коргоо органдарынын кайдыгер мамилесине нааразы болгон жарандарыбыздын арыз-муңу күн санап өсүп келет. Какпаган эшиги, жардам сурабаган адамы калбаган Данияр Акматов аттуу мырза арыз-муңу менен редакциянын эшигин ачып келиптир.

— Данияр мырза айтыңызчы, укук коргоо органдарына эмне себептен нааразы болуп жатасыз?

— Менин зергер буюмдарды иштеп чыгаруучу чакан ишканам бар. Элден заказ алып, балдарды иштетип, аларга айлык төлөп берип, өзүмдүн үй-бүлөмдү бакчу элем. Кашайып мындай болоорун ким билиптир, болгондо да ошол жерден нан таап жеп жүргөн балдардын ичкен кудугуна түкүрөрү оюма да келген эмес. 2016-жылдын 20-октябрынын түнүндө ишканамдан 700 миң сомдук зергер буюмдарымды уурдатып жибердим. Ал күнү мен келбейм, эшикти жаап, товарларды жаныңарга алып кирип койгула деп балдарга айтып коюп кеттим эле. Балдар эшикти ачып, товарларды алып кирбей эле жатып алышыптыр. Эртеси эмнеге мындай кылдыңар десек чарчадык эле дешет. Өздөрү эле алып чыгып беришкен. Аны кошунам деле көргөн экен, улуту башка болгондуктан качып айтпай койду. Бул боюнча Канттын РИИБна кайрылгам, ал жерде Түгөлбай уулу Жайчыбек деген тергөөчү бала бар экен. Делону ачкан соң булар он беш күн эч кандай иш кылган жок. 6-ноябрда «Берен голд» деген магазинден Асеева Нүргүл дегендин местасынан уурдаткан товарларымдын 500 граммдайын таптым. Ага туура түшүндүрүп, балдарга көрсөтүп кайра алып келип берем деп милицияларга өткөрүп бергем. Бирок анын негизинде мен айткан тергөөчү бала иш алып барууну каалаган жок. Бирок ошол жерде Дастан деген опер бала тергөөчүдөн мен рапорт жазып берем деп кыйнап ишти изилдөөгө алып баштаганда Асеева Нүргүлдүн тааныштары бар экен, товарларды текшерүүгө алдыртпай койду.

— Шектүү балдарды билет экенсиз, сиз кайрылган укук коргоо органдары аларды сурака алдыбы?

— Мен шектүү балдардын баарын өзүм жетелеп барып жаттым. Эки ай сандалып жүрсөм да тергөөчүлөр эч кандай иликтөө иштерин жүргүзүшкөн жок. Ал жерден иш каралбай Канттын прокуратурасына арыз жаздым. Ал жерден Нургазиев Качканак деген байке ишти карады. Ал баардык суроолоруңуз боюнча тергөөчүгө кайрылыңыз, биз тапшырма бердик деди. Барсам прокуратураң эмне кыла алат, эмнеге жазасың деп кууп чыкты. Ошентип ГУВДга арыз жаздым. Ал жерден мени жадагалса журналга да каттабаптыр. Айлам кетип Канттын сотуна тергөөчүнүн үстүнөн арыз жаздым ишимди карабай жатат деп. Ошондо араң кыймылдап, менин ишимди караган тергөөчү опер болуп башка жака которулуп кетип, менин ишим эбак жабылып калыптыр. ГУВД товар меники эмес эле, ишимди карап бериңиздер десем, ооба деп коюп алар да карашкан жок. Чуй облпрокуратурага кайра кайрылсам менин тергөөчүмө чалып экөө тааныш экен сенин арызыңды кабыл албайбыз деп кирип кетип калды. Кызыгы мен милицияга өткөргөн товарларымды да Асеева Нүргүлгө өткөрүп берип коюптур. Мен аларга футбол тобундай эле болдум. Анысы ага, мунусу тигиге тээп жадаганда кетет дешти окшойт. Ишенген таянар тообуздун иши ушундай шалаакы болсо, анда шорубуз куруган экен. Эгерде менин акчам жетип, товарым өзүмдүкү болсо аларга кайрылмак да эмесмин. Эми ал акчалардын ээлери доолап, анысы күндөн-күнгө тууп учурда 1 200 000 миң сомго өсүп кетти. Мен сиздер аркылуу жогору жакта иштеген бийлик өкүлдөрүнө кайрылат элем. Башкасы мындай турсун ушул укук коргоо тармагын жөнгө салып, карапайым элдин маселесин чечип беришсе. Мага окшогон шордуулар толтура да.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: