“Чубак ажы Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусун Атамбаевге каршы пайдалангысы келгендер бар. Керек болсо Чубак ажы өз убагында “азыркы бийликтен да өткөн коркунучтуу эч нерсе жок болушу мүмкүн” деп айткан”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.
“Ал кишини Гүлен менен жолугушууга мен жиберген эмесмин. Бизде демократия – эгер Чубак Жалилов барса, Гүлен менен жолукса, ал Кыргызстандын муфтийи эмес, кызмат адамы эмес. Мен Гүлен менен тааныш эмесмин”, – деди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ