Menu

Талантбек Батыралиев, КР Саламаттыкты сактоо министри: “Саламаттыкты сактоо жаатындагы эски, чириген системаны уратып, жаңыны орноткон бирөө болушу керек да!”

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин дарегине жааган сын-пикирлердин күчтүү агымы сырттан караган адамга кимди болбосун сындырып койчудай сезилет. Бирок, сын-пикирлердин маанисине үңүлүп көргөндө, көз карандысыз министр айрымдарга жакпай калгандыктан коомдук пикирди кандай максатта толкутуп жатканы түшүнүктүү болот. Бул адам кыргыз саламаттыкты сактоо жаатын  эң татаал убакта башкарууга келди жана тамырынан чириген системаны уратууга танк сыяктуу алдыга умтулууда. Эң башкысы анда мамлекеттик саламаттыкты сактоо кандай болушу керектиги тууралуу так аныктама бар. Биздин маек так ушул жөнүндө болмокчу.

Саамалыктар тууралуу

– Талантбек Абдуллаевич, 2017-жылды кандай маанайда узаттыңыз?

– 2017-жыл саламаттыкты сактоо жаатында да, жеке мен үчүн да ийгиликтүү болду. Реформанын тууралыгына шек санаган сын-пикирлер арбын болгонуна карабай, жылдын аягында донор жана өнөктөштөр менен чогуу жыйынтык чыгарганыбызда, статистикалык жана коомдук көрсөтмө көңүл кубантаарлык болду: эненин жана баланын өлүмү, кургак учук оорусуна кабылгандардын саны азайды. Бул биздин туура жолдо баратканыбыздын далили. Эми секторлор аралык кызматташуу боюнча маселе актуалдуу болуп турат. Башкача айтканда, саламаттыкты сактоого түз катыштыгы жок, бирок калктын саламаттыгына кыйыр таасири бар башка мекемелер да оңолушу керек. Кеп биринчи кезекте инфраструктура тууралуу болууда – ооруканалардын, жолдордун  сапаты, спортзалдар менен бассейндердин болушу зарыл.

– 2017-жылы бир нече оорукананын курулушу башталды. Ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

– Чындыгында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан өткөн жылы бир канча маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу башталды. Жылдын курулушу деп жаңы технологиянын Кыргыз-Түрк клиникасынын курулганын айтат элем. Мындай клиника Борбор Азияда жок. Эксплуатациялоо бир аз кечеңдейт, анткени, ишке киргизүүдө жаңы талаптардын жаралышы менен бир аз өзгөрүүлөр болду. Жакынкы аралыкта Түркиядан кабыл алуу актын түзүүгө мамкомиссия келет. Бул этап менен өткөрүлөт, клиника түрк элинин кыргызстандыктарга берген белеги болгондуктан, ар бир система кылдат көзөмөлдөнүп, экспертиза жүргүзүлөт. Аны менен катар заманбап жабдыктар, медициналык техника, эмеректер алынып келинет.

Жылдын экинчи курулушу – Ош шаарындагы шаардык оорукананын имараты Кытай грантына курулду. 2018-жылдын май айында курулуш соңуна чыгат.

Дагы бир жаңылык: 27-сентябрда перинаталдык борбордун курулушун чоң эмгек сарптап баштап алдык. Мындай курулуш 25 жылдык эгемен тарыхыбызда биринчи жолу болду. Ал мыкты немец үлгүлөрү менен курулууда, каражат маселеси герман өкмөтүнүн грантынын эсебинен чечилет. Башка ооруканаларды да ушул борбордун деңгээлине алып чыгышыбыз керек. Борбор супер заманбап европа техникалары менен жабдылат, немец адистери биздин дарыгерлерди ал техникаларды колдонууга дароо окутушат. Ушул эле герман грантынын алкагында, Жалал-Абадда Тез жардам медициналык борборунун имараты курулуп башталды. Ошондой эле, жакында Бишкекте кургак учукка каршы биринчи оорукананын курулушу башталат.

– Бизде, Бишкекте мындай оорукана бар да?

– Балким, өткөн кылымдын 50-жылдары учурдагы оорукананын имараты заманбап болсо болгондур, бирок, азыр сыртта 2018-жыл турат. Бүгүнкү күндө талаптар өзгөрдү, айрыкча, кургак учукка каршы ооруканаларда санитардык нормалар жаңыланды. Башкы талап – дарыгерлер жана медкызматкерлер, ошондой эле кургак учук болушу мүмкүн деп божомолдонуп текшерилүүгө келген пациенттер текшерүү учурунда оору жуктуруп албашы керек. Тилекке каршы, бизде текшерүү учурунда оору жугузуп алган окуялар кездешет. Дагы бир жолу кайталап коеюн, мен белгилеген үч оорукана тең он жарым миң миллион евро өлчөмүндөгү герман грантынын эсебинен курулат. Алардын талабы биз пландалган  курулушту ийгиликтүү ишке ашырышыбыз керек, ошондо андан аркы долбоорлорубузду каржылап беришет. Учурда биз талапты аткардык, жакынкы күндөрдө премьер-министр Сапар Исаков келишимге кол коет, анын негизинде герман өкмөтү 2018-жылы энени жана баланы коргоо боюнча бюджетти бекемдөөгө кошумча 10 миллион 950 миң евро которот.

– Германия биздин саламаттыкты сактоо жаатына эмнеге каражат бөлүп жатат?

– Бул герман өкмөтүнүн кайтарымсыз, баалуу жардамы. Баса, бул долбоорлор 2006-2008-жылдары эле каралган экен, бирок, мага чейинки министрлердин бири да ар кандай себептерден улам аларды ишке ашырууга батынышпаган. Сыягы, текшерүүлөрдөн, жоопкерчиликтен, ашыкча түйшүгүнөн чоочулашты окшойт. Толтура жүйөөлөрдү табууга болот. Бирок, мен долбоорлорду ишке ашырам деп чечкенимде Саламаттыкты сактоо министрлигинин потенциалы төмөн экенин билдим. Министрликтин аппаратын оптимизациялоодо ооруканалардын курулушу жана атайылаштырылган инфраструктуралар менен иштеген адистер кыскартылган экен. Ошондуктан, биз эми баарын калыбына келтиришибиз керек.

– А онкологиялык борбордун оңдоп-түзөө иштери кайсы каражатка жасалды?

– Улуттук онкологиялык борбордун реконструкциясы – бул экс- президент Алмазбек Атамбаевдин жеке көзөмөлү, салымы жана демилгеси. Өткөн жылдын 1-июлунда президент Атамбаев онкологиянын балдар бөлүмүнө барган. Барып-келгенден кийин бизди чакырып,  борборду башынан аягына чейин жакшыртууга көрсөтмө берген. Ошондо Сапар Исаков, анда президенттин аппаратынын жетекчиси эле, бул процесске кошулуп, чоң жардам берген. Жыйынтыгында, бюджеттен жана президенттик фонддон 220  миллион сом бөлүнүп, кыска убакытта толугу менен оңдоо иштери аткарылган. Андан тышкары, оорукананы жабдыктар менен камсыздоого “Кумтөр” 7 миллион доллар которду, дагы 3 миллион доллардын которулушун күтүп жатабыз. Онкологияны колдоого коомдук фонд түзүлдү, ал аркылуу аппаратураларды сатып алабыз. Супер заманбап, сапаттуу, бренддеги аппаратураларды сатып алуу зарыл.

– 2018-жылга кандай пландар бар?

– Бул жылга бизде мыкты жаңылык бар: мен Ислам өнүгүү фонду менен 3-балдар ооруканасынын аймагына 10 миң чарчы метрлик, 600дөн көп орундуу заманбап балдар ооруканасын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүттүм. Сауд Аравиясынын ханы каражат которуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул мыкты климат – көзөмөлдөөчүсү, жаңы жабдыктары, техникалык кызмат көрсөтүүсү бар, сапаттуу эмеректер коюлган супер заманбап имарат болот. Анда бир гана ооруп келген балдардын эмес, аларды карап жаткан ата-эне, туугандарынын да шарттары түзүлөт.

Адатта бизде кандай болот? Оорукчанды операцияга туугандары алып келишет да, операция жасалып жатканда алар сыртта, же машинада отуруп  күтүшөт. Кышкысын күн суукта моторду жандырып коюшат. Башка арга барбы? Отура турган жер жок да. Мен пациенттин жакындарына, туугандарына оорукчанга операция жасап жаткандабы, кийин ооруканага келип акыбалынан кабар алышкандабы, ыңгайлуу шарттарды  түзүү маанилүү деп ойлойм.

Ушундай жыйынтыктар менен эски жылды аяктадык. Саламаттыкты сактоо жааты үчүн 2017-жыл ийгиликтүү болду деп айтканым ошондон.

Терс көрүнүштөр тууралуу

– Эми терс көрүнүштөр  тууралуу сүйлөшөлү. Эки жылдан бери министр Талантбек Батыралиев эрежеге бузууга барып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып келет деген имиш кептер тароодо. Анын бир нечесинин аныгына жетип алалы. Жамааттык катта министрликтеги 120 жетекчини кызматтан алганыңыз жазылган.  Жетекчилик иштерди эми ким аткарат?

– Ооба, ошондой болду. Бирок, алар кызматтан бошотулушкан жок, мен жумуш берүүчү катары алар менен Бишкек шаары боюнча келишимди узарткан жокмун. А башка аймактагы дарылоо мекемелеринин жетекчилери азырынча милдеттерин аткарып жатышат. Себеп дегенде, айрым медициналык мекемелердин жетекчилери каржылык эреже бузууга барып, уурдамайга аралашышкан, алардын ишмердүүлүгүн укук коргоо кызматтары текшерип турушат.

– Ооруканадан эмнени уурдоого болот? Ал жакка бир гана оорукчан адамдар кайрылышат эмеспи.

– Биз бир нече дарылоо мекемелеринен ири суммадагы дарыларды жалган жеткирүүлөрдү таптык. Эми элестетип көрүңүз. Мисалы, №4 төрөт үйүндө эле жалган жеткирүүлөрдүн суммасы 17 миллион сомго жеткен. Башкача айтканда, бюджеттеги каражат коротулган, а эч кандай дары-дармек келген эмес. №18 поликлиниканы айтсак, Соцфондду кошкондо  9,5 миллион сом уурдалган. Араван жана Кара-Суу райондорундагы медмекемелеринде да уурдоо катталган. Мындай жетекчилерге сыйлык беришим керек беле? Маалымат келээри менен баарын иликтеп, аныгына жетүүнү тапшырдым. Баарынан кызыгы, ачыкка чыккандан кийин жетекчилик эч нерсеге катыштыгы жоктой түр көрсөтөт. Бирок, менин оюмча, уурдоого жол берген жетекчинин биздин жаатта жасай турган иши жок. Бюджеттик каражаттар багыты менен жумшалбаса, жетекчини кызматтан алууну уланта берээримди ачык айтам.

– Ошондо сиз бардык 120 жетекчинин ар биринин  кызматтан алынган себебин айтып бере аласызбы?

– Албетте. Алардын арасында жаш курагына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткендер да бар. Бирок, басымдуу бөлүгү олуттуу каржылык эреже бузууга баргандар.

– Сизди улгайган кызматкерлерди кызматтан алганыңыз үчүн эйджизмге да  айыпташты.

– Маселенин өзөгү жаш куракта эмес. Эреже бузуу жана натыйжасыз башкарууда. Адам 30 жыл системанын жетекчилигинде отурат, эми ойлоп көргүлө, а система жакшы жагына өзгөрбөдү, тескерисинче, начарлап, чалдыбары чыгып баратат, аны менен катар ири өлчөмдөгү инсулин жоголду. Ушундай кантип болсун?  Бул деген башкы мекеме болуп жатпайбы! Жетекчилик кантип ушундай ишке жол берди, температуралык режимди сактап жеткирүү системасын түзсө болбойт беле?! Ошондуктан, мен мындай “кызматкерлер” менен келишимди узартпадым. Башкы дарыгер катары миң даанышман, миң мыкты болсо да, жетекчилик постто эки мөөнөттөн ашык отурууга болбойт деп эсептейм.

– Эмнеге?

– Адам убакыттын өтүшү менен отурган орунунун кыныгын алып, ар кандай азгырыкка азгырылып баштайт. Ошондуктан, эгер адам ушунчалык эле иш билги болсо, аткара турган долбоорлорун бир-эки мөөнөттө ишке ашырсын да, андан кийин өз тармагынын мыкты адиси катары, дарыгерлик ишмердүүлүгүн уланта берсин. Бирок, дагы бир жолу белгилегим келет, мен эч кимди кызматтан албадым. Мен жумуш берүүчү катары өз укугумдан пайдаланып, натыйжасыз иштеген жетекчилер менен келишимди узартпай койдум. Алар жөн гана аткаруу кызматтарга которулушту. А эгер №18, Кара-Суу, Араван райондорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагыдай  каржылык көз жазгыруу фактылары катталса, анда мен мындай адамдар менен эч убакта иштеше албайм.

– Эгер чындап эле бул сиздин жумуш берүүчү катары келишимди узартуу, же токтотуу укугуңуз болсо, анда эмнеге алар бул факты жеке ар-намыстарына кол салганыңыздай кабыл алышты? Оорукана менчик күнөсканасы эмес го!

– Бишкектеги алты ҮДБнын жетекчилери алгач менин мындай олуттуу кадамга бараарыма ишенишпеди, митингге чыгууга, каршылык көрсөтүүгө аракеттенип, министрдин буйругун  жокко чыгаргылары келишти. Бирок, министрдин буйругу жокко чыгарылбайт. Медмекемелердин алты жетекчиси менен келишимди токтоттум, макул болушпаса сотко кайрылышсын. Калгандары менен сынакка чейин келишимди узарттым.

– Кандай сынак жана качан болот?

– Азыр биз комиссия түзүп, дарылоо мекемелеринин жетекчилигине кеңири, ачык-айкын сынакты кантип жүргүзүү керектигин чечүүнүн үстүндөбүз. Сынак бейөкмөт уюмдардын, ММКлардын көз алдында болот.

– Сиздин оюңузча дарылоо мекемесинин жетекчиси, же башкы врач кандай сапаттардын ээси болушу керек?

– Башкы врач мыкты менеджер болушу керек. Мыкты хирург, мыкты терапевт, мыкты адис болуу жетишсиз. Биздин эгер ал адам илимдин кандидаты, доктору, же күчтүү, кадыр-барктуу адис болсо эле, башкы врач болууга татыктуу деп жаңылыш ойлонуп алмайыбыз бар да. Бирок, андай эмес. Таланттуу дарыгерлер эртеден кечке операция жасашат, оруулууларды карашат, алар ишти уюштуруу менен алектенишпейт. Анда эмнеге бул кызматты аркалап отурушат? Ким зарыл маселелерди чечип, мекеменин муктаждыгын жоет? Ким арыз-армандарды угуп, шарттарды жакшыртып, жаңычылдыкты киргизет?

– Оорукананын жетекчилеринин арасында үлгү боло тургандары да барбы?

– Андайлар да бар. Мисалы, Ысык-Көл облустук ооруканасынын, Ноокат жана Ноокен райондук ооруканасынын башкы дарыгерлери. Бул жетекчилерди күнү да, түнү да жумуш ордунан табууга болот. Ноокатта оорукана гүл бакчасындай эле, гүлдөр бажырайып, дарактар акталып, жолу таза, а мындай шартта оорулуулар тез сакайышаары белгилүү эмеспи. Бул башкы дарыгер Асамидин Мариповдун эмгеги. Анын ооруканасында оңдоо иштери дайыма өз убагында бүткөрүлөт, эгер кандайдыр бир маселе жаралса, мага телефон чалып, талап кылып, жардам сурап, акыры көздөгөнүнө жетет. Ал киши иштеп жатат, бул көрүнүп турат! Анын жер төлөсү борбор калаадагы айрым ооруканалардын кабылдамасынан да мыкты.

Башкача айтканда, баары жетекчинин менеджерлик жөндөмүнөн көз каранды. Аксуу районунда аялдардын психоневрологиялык ооруканасы бар, анын жетекчиси Нарынкүл Үсөнбаева. Бул оорукана – кадимки жомок! Алар пациенттердин жардамы менен жаңычылдык киргизишип, таштарды боешуп, жолдорду кооздошуп, гүл өстүрүшөт. Дагы бир башкы дарыгер Маанаевди, Ысык-Көл облустук ооруканасынын жетекчисин айта кетейин. Биз министрликте отуруп, санариптик медицинаны киргизсекпи деп ойлонгуча, анын дарыгерлери компьютерде иштеп калышты. Жакында ал дарыгерлер үчүн планшет алууну каржылоону суранды. Бул деген прогресс да!

– Бардык башкы дарыгерлерди каржылоо бирдей болобу?

– Ооба, биз баарына бирдей бюджет бөлөбүз. Бир дарыгер ошол боюджет менен мыкты шарттарды түзүп алса, экинчи жетекчи акчанын баары айлык маянага жумшайт. Ага кошумча жаш адистерди алуунун ордуна бош вакансияларды ич ара бөлүп алышып, акчасын да өз чөнтөктөрүнө салышат. Же, ашкан акчаны сыйлык иретинде өздөрүнө жазышат.

Республиканын бардык аймактарындагы ооруканалардын имараттарынын эскилиги жеткен, бирок, бир жерде эски имарат гүлдөп жатат, экинчиде ошол турушунда турат. Талас облустук ооруканасы идеалдуу акыбалда. Бирок, башкы дарыгери Шаршенбек Жумашалиев өз каалоосу менен кызматынан кетти, анткени, электрондук саламаттыкты сактоонун жаңы талаптарын кыска мөөнөттө өздөштүрө албайм деп айтты. Ошондуктан, ордун техникалык планда бир топ жетишкен адиске бошотуп берди.

– Демек, уурдоо жана кыянаттык менен пайдалануусуз иштеген позитивдүү мисалдар бар турбайбы? А кызматтан алынган 120 жетекчи андай кылууну каалашпады көрүнөт?

– Мен дагы айтам: эреже бузуулар улана берсе, уурдоонун дагы фактылары катталса, бул тизме дагы көбөйөт.

– Дагы бир айыптоо: Глобалдуу фондунан бөлүнгөн 23 миллион доллар каражат Кыргызстанга сиздин күнөөңүздөн улам которулбайт деп айтып жатышат. Эмнени айтышууда?

– Бул куру жалаа жабуу. Биз Кыргызстанга гранттын келишин каалайбыз жана баарын өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Мен Кыргызстанга келген бардык грант каражаттары натыйжалуу жана өз багытында колдонулаарына ишенем. Тилекке каршы, Глобалдуу фонддон келчү ВИЧ СПИД жана кургак учук менен күрөшүүгө арналган каражаттын 48%ы ортодогу алуучуларга, бейөкмөт уюмдарга кетет. Алардын ишмердүүлүгүнө каржылык аудитти ПРООН жасайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай уюмдарды  келген каражаттар натыйжалуу колдонулуп жатканын билүү үчүн текшере албайт, антүүгө укугу жок. Бизде долбоорлорду ишке ашыруучу топ бар болчу. Менимче, бул алдын ала сүйлөшүлгөн, долбоор ишке ашпады, ортодогу алуучулар акчанын жарымын ПРООНго кайтарышты. Ошондуктан, биз кандай каражат болбосун мамлекеттин көзөмөлүндө болушун каалайбыз. Жарандардын ден соолугу менен алектенген кандай уюм болбосун, Саламаттыкты сактоо министринин көзөмөлүндө болушу шарт.

– Ошондо сиз ал жакта эреже бузуу болгон деп ойлойсузбу?

– Мен Глобалдуу фонд каржылап жаткан бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө баам салып, суроолорду бере баштадым. Биринчи сигналды бир нече жыл мурун фтизиатрия Улуттук борборунун жетекчилеринин бири 120 миң долларды багытынан башка тарапка жумшаган деген маалыматты билүү менен алдым. Биз аны алган гранттардын эсебинен төлөөгө милдеттендирдик. Бирок, биз алардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылдык. Грант боюнча бардык чечимдер өлкөлүк комитет тарабынан кабыл алынат, анын 40 пайызын бейөкмөттүк уюмдар түзөт. Бирок, азыр бизде ушул комитеттин 61 пайызында бейөкмөт уюмдар отурушат, алар деген грант алуучулар да! Кантин буга жол беришти?! Бул кызыкчылыктардын чыныгы кагылышуусу эмеспи?! Бир мисалды айтайын, бейөкмөт уюмдар ВИЧ-СПИД менен ооругандарга психологиялык жардамга 300 миң доллар жумшашты. А натыйжасы кандай болду? Менин министр катары натыйжасын билүүгө укугум барбы?

Бул кептин аягы эмес. Контрафакттык медициналык каражаттарды сатып алуу жана жеткирүүчү фармкомпаниялар да менин отставкамды каалашат. Биздин демилгебиз менен дары-дармектерди камсыз кылуу Департаментин каржы тыңчылыгындагы адис башкарууга алган, ал дары-дармектерди сатуудан түшкөн каражаттар агымы кайдан келип, кайда кетип жатканын иликтөөдө. эксперттердин маалыматына караганда, Кыргызстанда фармбизнесте 80-100 миллиард сом айланат. А бажы аркылуу болгону 13 миллиард сомдук каражаттар келет. Башкача айтканда, калган сумма каттоосуз кетүүдө.

– Бул дары-дармектер сапаттуубу, аны эч ким билбейби?

– Бир мисал айтып берейин. Бир жолу кыргыз чиновниктери менен Женевага иш сапарына барып калдым. Үч саат шаарды айландык, башынан кирип, аягынан чыктык, болгону үч дарыкана көрдүк. А бизде Москва көчөсүндө эле бир нече ондогон дарыкана жайгашкан. Биз элди жетимдүү делген дары-дармектер менен уулап жатабыз. Биз элди дарыгердин көрсөтмөсү жок эле үймөлөп дары ичкенге көндүрдүк. Эгер азыр мен дары-дармектерди сатууга чектөө киргизсем, эл мени түшүнбөйт, анткени, бир чүчкүргөндө эле антибиотик ичкенге көнүп калышты. А антибиотикти  дарыгердин көрсөтмөсүсүз жана көзөмөлүсүз ичүү адамдын организмине абдан зыян!

– Дары-дармектердин көзөмөлсүз агып келишин токтотууга болот деп ойлойсузбу?

– Ким токтотушу керек? Мындай мамиле менен ким күрөшүшү керек? Мен сатылбаган адаммын. Менин министрлик айлык маянам 18 миң сом. Мамлекет айына 500 литр бензинге акча берет. А менде бир эле Нарынга иш сапарына барып келгениме ушунча бензин кетет. Колумда бар адаммын, андыктан, өзүм деле бензин куюп алып, кайсы аймакка болбосун барып келе алам. Менин ордума башка бирөө келсе фирма менен компаниялардан бензин сурап баштайт. Акысына кызматын көрсөтөт. Ошентип, көзкарандуулук башталат. А мени сатып ала алышпайт. Мен каржылык жагынан эч кимге көз каранды эмесмин. Бирөө да мага кайсы бир кызматым үчүн эмненидир бергенин айта албайт. Же, туулган күнүмө конверт бердим да дей албайт. Мен балким, суз адамдырмын. Менде хобби да, көңүл ачуу да жок, бир гана жумушум менен алектенем.

– Жасап жаткан иштериңиз сыйлоого татыктуу!

– Бүгүн эмне жасасам, ошол пациенттин ордунда бир тууганым, же жакын адамым болуп калышы ыктымал да деген ой мээмде турат. Өзүм  болуп калышым деле мүмкүн да. Мен кабыл алган чечимдеримдин баарын өзүмдөн өткөрөм. Айрыкча, оор акыбалдагы оорулуулар чет өлөкөгө барганда кандай сезимдерге туш болгонун туям: чоочун аба, чоочун өлкө, чоочун тирилик. Ошондуктан, ким болбосун өз мекенинде дарылануусуна эмне жетсин. “Өз үйүңдө дубалдар да дарылашат”,- деп коюшат эмеспи. Ошондуктан, биз саламаттыкты сактоо жаатындагы эски системаны уратуучу өткөөлдүн кырында турабыз.  Атамбаев мени ушул кызматка дайындаганда, катаал сурады: “Бул системаны уратууга күчүң жетеби?”- деп. Мен “жетет” деп айттым. “Анда иште, бирок, даттанба”,- деди президент. Андан бери төрт жыл өттү, иштеп жатам, эски системаны уратууга аракетимди көрүүдөмүн, даттанбадым.

“Новые лица”

Орусчадан оодарган Гүлмайрам Турусбекова

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: