Menu

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаев “керек болсо хунта кылам, менден бийликти ала албайсыңар, жоготом, кыйратам…” — ​деп опурулуп, мамлекеттик башкарууда чалмакейди чалып кете берди»

Бөлүшүү:

— Эмилбек агай, Атамбаев президенттик шайлоо учурунда өзү мактап жүргөн азыркы президент Сооронбай Жээнбековго номур биринчи оппозиция болуп чыга келди. Экөөсүнүн ортосундагы тиреш эмнеден улам келип чыкты дейсиз?

— Бул жаңжалда ачык айтылган сөздөргө сереп салсак, саясий багыт боюнча же дагы башка мамлекеттик мааниси бар маселелер боюнча ой-пикирлеринде ажырым жок, экөө бир эле сөздү айтып жатышат — ​азыркы саясий курстан тайбайбыз, парламенттик демократияны аягына чейин чыңдайбыз, өлкөнүн социалдык жана экономикалык кубаттуулугун чыңдайбыз, коррупцияны талкалап, акыйкат коомду курабыз — ​деп. Ал эми көмүскө жагында кандай сөздөр айтылып жатканын билбейбиз, бирок боолголосок болот. Экс-президент Атамбаевдин КСДП партиясынын 31-марттагы курултайынан кийинки өткөргөн маалымат жыйындагы айткан сөзүнө караганда чатакты ал өзү баштаган, кызуу кандуулукка алдырып Жээнбековго катуу тийип койгон окшойт, опуруп-жапырып. Муну болсо коомго ачык алып чыгып өзү ырбатып алды, учурдагы Президент Жээнбековдун да колу-бутун бошотуп койду. Журналисттерге кайрылып жатып Жээнбековду эч нерсе түшүнбөгөн, бирөөлөр түртө салган кагазды ойлонбой эле жарыя кылып окуп сала турган чала сабат, жада калса кайсы Конституция менен жашап жатканын да билбеген киши катары сыпаттаганы бери дегенде эле осол иш болду. Кечээ эле өзү мактап-жактап, мыйзамдын көзүн карабай ачык сүрөп жатып шайлатып алган кишини бүгүн “галдирбай” деп жатканы адамкерчиликке жатпайт. Кыязы Жээнбековду “кулак кескен кулдай” кылып жетелеп алам деген ою бар болгон окшойт, эмне десем ошого макул болуп үн катпай жүрө берет деп. Реалдуу жагдай менен да эсептешүү керек эле, эл шайлаган президентти антип жүгөн салып минип ала албай турганын түшүнсө мындай чуу чыгарбайт эле го. Эгерде мындан ары Атамбаев турмуш чындыгына моюн сунуп, реалдуу саясий кырдаалды таанып, мөңкүп секирбей, экс-президент катары өз ордун таап, ошого ылайык салабат күтүп калса ашынган деле оппозиция болуп кетишпейт го дейм.

— Атамбаев үй-бүлөлүк кланга каршы күрөш менен көп өмүрүн өткөргөнүн айтып жүрөт. Сиз да эгемендүү Кыргызстандын саясатында кайнаган адамдардын бирисиз. Атамбаевди мурунку эки президенттин бийлигине ачык чыгып күрөшкөн “Баатыр” деп айтууга болобу?

— Туура, Атамбаев акыркы 20 жыл ичинде Акаевге дагы, Бакиевге дагы каршы оппозициялык күрөшкө кошулуп келген, алардын үй-бүлөлүк — ​кландык режимдерин кулатууда кызматы чоң эле. Бирок, аны ошол күрөшкө эмне түрткөн, кандай кызыкчылыктарды жетекчиликке алып аракетте болгон? — ​деген суроого жооп берүү кыйын. Азыр артты карай сереп салып отуруп — ​ал жеке кызыкчылыктардын же жеке таарынычтардын гана жетегинде болгонбу деген ойго келип турам. Анткени Атамбаевде “мамлекеттүүлүк, мамлекеттик түзүм, коомдук түзүм, мамлекеттик башкаруу режими, соттук жана укук коргоо жааты, адам укуктары жана сөз эркиндиги” сыяктуу фундаменталдуу маселелер боюнча калыптанган пикир жок болчу, мындай маселелерди талкуулаганга катышчү эмес, кызыкчу да эмес. Мына 2010-жылы азыркы Конституцияны Убактылуу Өкмөт талкуулап жатканда дагы “мен силердин чечимге макулмун” деп кетип калган, Баш мыйзамдын чоо жайына кызыккан да эмес, мамлекеттин тагдырына кайдыгер эмес кишинин кыла турган ишиби ушул? Бул оюмду ошол эле Атамбаевдин 2005–2007-жылдардагы жасаган кадамдары дагы тастыктап турбайбы, март революциясынан кийин эч жакка кошулбай, кызмат тийбей үйүндө отуруп калды, анан Бакиев чакырып министр кылды, андан деле көп иштебей кетти, анан оппозицияны таштап кайра Премьер-министр болду, митингге чыккан элди сабап таратты, күлүп, “бир текени ээрчиген койсуңар” деп шылдыңдады, анан кайра шылкыйып келип оппозицияга кошулду. Бул жөнүндө экс-президент Роза Отунбаева силердин гезитке берген маегинде кеңири айтыптыр го. Кийин деле, былтыр президенттик кызматын тапшырып кеткенчекти эле “керек болсо хунта кылам, менден бийликти ала албайсыңар, жоготом, кыйратам…” — ​деп опурулуп эле отурчу, муну анын жанында болгондордун баары эле уккан. Саясатта олуттуу, калыптанып калган позициясы бар кишинин айта турган сөзү эмес да бул. Ошондуктан азыр Атамбаевди “төгөрөгү төп келген баатыр” деп айта албайм, мамлекеттик башкарууда чалмакейди чалып кете берди. Бир гана “баатырлыгы”, эл алдында жасаган “эрдиги” ушул Сооронбай Жээнбековду өз ордуна президент кылып таштап кеткениби деп ойлойм. Азыр элдин үмүтү кайра жанып турбайбы, Президент Жээнбековдун жасаган алгачкы кадамдарына ыраазы болуп, колдоп.

— Мурунку президент үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм деп айтып жатат. Бирок, өзүнүн тушунда шоопуру, жан сакчылары, катчылары, завхозу бийлик башында жүрдү. Бул башкаруу деле кландык башкаруу деп айтсак болот да. Атамбаев өлкөгө кландык башкарууну орнотуп кеткен жокпу?

— Тактап айтканда “үй-бүлөлүк-кландык” башкарууга каршыбыз деп келгенбиз. Тилекке каршы “үй-бүлөлүк” жагы анча ачыкка чыгып байкалбаганы менен чынында эле “кландык” башкаруунун үлгүсүн көрсөтүп салды. Бул айдан ачык эле болуп турбайбы. Өлкөнүн “жаңы” элитасы кантип ошондой түзүлсүн? Абсурд да бул. Жаңы саясий элита өзүңөр айткандай “шопур, жан сакчы, секретарь, завхоз…” дегендерден куралбайт да.

— Азыр экс-президенттин күч түзүмдөрүн башкарган ишенимдүү адамдары толугу менен кызматынан кол жууп жатат. Эми мурунку президентке кимдер таяныч болушу мүмкүн?

— Атамбаев “баарын алып кетем, анан мен кайра келем, алар келбейт” — ​деп жар салып жатканы куру эле сөз болуп калганын эл көрүп-билип турбайбы, эч кимди — ​эч жакка алып кете алган жок. Тескерисинче, өзүнө таяныч кылып, коомдогу “жаңы элита” катары жыйнаган кадрлары чабал болуп чыкты, мына ошолорду өзү менен кошо алып кетип бара жатат, тобу менен. Азыр Атамбаевдин коомдо саясий таянычы жок, эл ичинде колдоо жок, жанында аттуу-баштуу, салмактуу саясатчылардан да эч ким калган жок, өзү жалгыз калды, соксоюп. Ал эми КСДП партиясынын отко-сууга түшүп жүрүп бышкан өзөгүн түзгөн чыныгы баатырларды айдап салып, мурдагы саясий аренадан кубаланып кеткен “Алга Кыргызстанда”, “Ак Жол” деген партияларда эпилдеп кызмат кылып жүргөндөрдү, Малеванаянын Секретариятында жүргөн, Максимдин ЦАРИсинде жүргөн, Бакиевдин аппаратында иштеген жалаң күнкарама, суу жүрөк, кошоматчыларды жыйнап алышы менен өз партиясын өлтүргөн, мурдагы революциялык күрөшчүл духун жоготкон, курама кылып жыйнаган командасынын баары азыр куюлуп-агылып жаңы саясий күчтөргө ооп кете беришет, алардын табийгаты ошондой, “күн тийген жердин күкүгү” деген сөз бар го, кыл чайнашкан кармаш болуп калса жөлөк болуп туруп беришпейт алар. “Кулаалы таптап куш кылдым…” деген сөздү жакшы көрөт го өзү, мына ошол чогулткан “кулаалылары” ошол кулаалы эле бойдон калганын көрүп турабыз го азыр.

— Саясий буюртма менен кылмыш иштерин ачкан Сегизбаев менен Жолдубаева отставкага кетти. Экөөсүнүн мыйзамдуу жоопкерчилиги каралыш керек беле?

Сөзсүз жоопко тартылуусу керек. Кийинкилерге сабак болот. А түгүл алардын буйругу менен саясий куугунтукту уюуштургандар, тергөөчү, прокурор, соттордун баарысы жоопко тартылганы туура болот, коомдун мындан аркы тазарышына өбөлгө болот мындай жаза. Ошондой эле, менин пикиримде, саясий буюртма менен кылмыш ишин козгоп, саясий буюртма менен бейкүнөө адамдарды соттоп, түрмөгө камагандар, ошондой эле жөнөкөй карапайым адамдардын укуктарын тебелеп, мыйзамсыз өкүм чыгарып, мыйзамсыз жапа чектиришкендердин баары тең кылмыш жоопкерчилигине гана тартылып тим болбостон, алардын бардык кызматтык чиндерин, юридикалык стаждарын да жокко чыгаруу зарыл, аларга өмүр бою юридикалык жакта иштөөгө тыюу салынышы керек, адвокат же юридикалык консультант болуп иштөөгө да болбой тургандай чечимдерди кабыл алуу зарыл. Башкаларга катуу сабак болушу керек, кийинки кызматкерлер: “буюртма аткаруу жакшыбы же жүзүмдү, кесибимди сактап кете берүүм жакшыбы?” деген суроого так жооп бере алышкандай болуусу абзел.

— Парламент толугу менен мурунку бийликтин көзөмөлүндө болуп, чийген рамкадан чыга алчу эмес. Бүгүн парламент Жээнбеков тарапка оогонун көрсөттү. Эки достун тирешинде дагы парламент чоң роль ойнойт эмеспи. Атамбаев депутат кылып алып келген адамдар, мурунку шефинин сөзүн трибунадан коркпой айтууга батына алабы?

— Кептин баары Атамбаев мындан ары кандай саясий позицияны ээлейт, кыймыл-аракети кандай болот — ​мына ошого жараша болобу дейм. Эч кандай туруктуу, ырааттуу позициясы, тыңгылыктуу сөзү жок туруп “мен сени алып келгем, мен сени президент кылгам, шайлоого менин акчам корогон, сен менин айтканымдай болууга милдеттүүсүң…” — ​дей берсе аны эч ким деле колдобойт, трибунадан чыгып Атамбаевди жактап эч кимиси сөз айта албайт. КСДП фракциясынын ичинде Кодуранова, Аттокуров, Карамушкина сыяктуу баш-оту менен Атамбаевке милдеткер депутаттар бар албетте, алардын бараар жери ошол эле Форумдагы штаб, бирок алар деле келесоо эмес да, реалдуу саясий кырдаалдан чыга алышпайт, жөнү жок эле Чолпонбай болуп дзотко көкүрөк тосушпайт го деп ойлойм.

— Элдин мурунку бийликке болгон наарачылыгы күч экени азыр байкалууда. Коомчулукту Атамбаевдин бийлиги кайсыл кылыктары менен өзүнө душман кылды?

— Атамбаев эл айткандай өзүнүн “балп” этмелери менен, каратып туруп айткан карандай калптары менен, ойлонулбай, тактап-эсептебей туруп баштап жиберип, анан кайра жыдыган иштери менен элди нааразы кылды, ачыктан ачык караөзгөйлүк кылып бейкүнөө адамдарды түрмөгө тыкканы менен, саясаттагы башы көрүнгөн адамдарды бири-бирине тукуруп, коомду ыдыратканы менен элди нааразы кылды.

— Батукаевдин өлкөдөн чыгышы, кандуу жүктүн ээси, ТЭЦке корогон акча, электр тармагындагы коррупция эми ачыкка чыгышы мүмкүнбү?

— Албетте, Атамбаевдин заманындагы калпыс, бүдөмүк иштердин баары тескелип чыгуусу зарыл. Атайын депутаттык же болбосо мамлекеттик комиссия түзүлүп, ошол эле Батукаев кандай себептер менен кастарланып узатылганын, Нарындын башындагы ГЭСтер эмнеге салынбай калып элдин моюнуна 37 млн доллар илинип калганын, Дача-СУга кулап, тынч уктап жаткан элди кырган учактагы жүк кимге таандык экендигин, ага чейин конуп-учкан 52 рейстин чоо-жайын, “Датка-Кемин” электр чубалгысы менен подстанциялардын курулуш жагдайын, ага кеткен чыгымдардын реалдуу көлөмүн, Жалал-Абаддан түндүктү карай келе жаткан альтернативдүү жолдун курулушун, анын чыгымдарын, Бишкек ТЭЦке кеткен чыгымдардын, Атамбаев салып алган хан-сарайдын алдындагы жердин таржымалы, Бакиевдерге тиешелүү болуп, учурунда Убактылуу Өкмөттүн декреттерине илинбей калып, кийин жымырылып кеткен мүлктөрдүн таржымалы… деги азыр элдин бүйүрүн кызытып, уу-дуу кылып турган суроолордун баарын дыкат иликтеш керек, күнөөлүүлөрдү — ​күнөөлүү деп, күнөөсү жокторду күнөөсүз деп ачыкктоо зарылдыгы турат. Ошондой эле Текебаев, Чотонов, Салянова, Жапаров, Шыкмаматов, Асанов, Кадыров жана башка саясий өңүттө козголгон кылмыш иштерди да кайрадан кароого тийишпиз, эгерде өздөрү каалашса Келдибеков, Түлеев жана Ташиевдин иштерин да кайра тескеп ачык талкууга алуу керек, мындай иштерде “кимдин буйругу менен жасалган?” деген суроого коомчулук так жооп алуусу зарыл деп ойлойм. Бир гана жагдай, “Атамбаев кетти” — ​деп эле калыстыктан тайып, күнөөлүүсүн деле күнөөсү жок деп будамайлап салууга жол берилбеши абзел, анда болбой калат, тескери кетип калабыз. Кандай болгон күндө дагы чындыкты бузбашыбыз, адилеттиктен тайбашыбыз зарыл деп эсептейм.

Булак: “Жаңы ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: