Menu

Кой терисин жамынып… Полковник-барондор

Бөлүшүү:

Бүтүндөй ички иштер органдарынын атына доо кетирип, жер караткан ары жагымсыз, ары шерменде көрүнүш мындан бир ай мурда баш калаабыз Бишкекте жүз берди. Баңгибизнес менен шугулданып келген туруктуу кылмыштуу топтун анабашчылары — ​милициянын 2 полковниги ири өлчөмдөгү баңгизат менен колго түшүрүлүп отурат. Борбор шаарга “Лексус GS470” деп аталган, вертолёттой ыркыраган нарковоздо келатышып, 8 килограмм гашиш менен кармалып, банкротко учурашкан ИИМдин Баңгилик заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын пенсиядагы полковниги Т.К менен ички иштер министрлигинин Баңгилик заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги, жол тандабастын айдоочусу К.Ж. учурда түн уйкулары төрткө бөлүнүп, Бишкек шаарындагы 1-тергөө зынданында “эс алышып”, соттун өкүмүн күтүшүүдө.

***

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ош — ​Баткен жолунда Түштүк борборун көздөй келаткан “Хонда-Инспаер” автоунаасын токтотуп текшеришкенде, андан 19 килограмм 650 грамм гашиш табылган. Адамзатка акырындык менен болсо да кыргын апкелчү бул товардын ээси — ​милициянын подполковниги, ИИМдин баңгилик заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын ага оперуполномочени, 47 жаштагы тажрыйбалуу барон Жапаржон А. болуп чыкпаспы.

Элдин көзү сокур: көрбөйт, билбейт деп ойлоп келген подполковник-баңгибарон Жапаржонго карата тийиштүү документтер толтурулган соң, Ош шаарындагы тергөө зынданына ташталып, Кылмыш кодексинин 247-беренесинин (баңгилик заттарын мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташып жеткирүү…) негизинде кылмыш иши козголду.

Батыраак акчаны топтоп, жогорудагы полковник-барондорго окшоп полковник болсом, эшек арабадай болгон эски “Хонда-Инспаеримди” калдыратпай, жок дегенде “Лексус GS470ке” окшогон машинелүү болсом деген подполковник-баронду Ош шаардык соту 2 ай зынданда кармоого чечим кабыл алды. Учурда бай барондун жакындары аны куткаруу максатында шашылыш түрдө кимди кантип сатып алуунун айласын издешүүдө.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: