Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Бир жума ичинде автономерлерди фиксациялоо камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилип, «Бириккен пост» тутумуна интеграцияланат

Бөлүшүү:

Бир жума ичинде автономерлерди фиксациялоо камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилип, «Бириккен пост» тутумуна интеграцияланат. Бул туурасында КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Чон Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдиргенин бүгүн, 8-январда тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Түндүк» мамлекеттик ишканасына тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бир жума ичинде республиканын аймагындагы бардык өткөрүү пункттарында автономерлерди фиксациялоо камераларын ишке киргизүү маселесин чечүү тапшырмасы берилди. Бул жүк ташуучу унаа транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет.  Биздин аймагыбызга киргизилип жаткан ар бир товардын бирдиги эсепке алынмайынча, аткезчилик менен натыйжалуу күрөш болбойт», – деди ал.

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагын кыдырып чыккан соң, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу айрым кызматардын ишине сын-пикирин билдирди.

«Мен чек ара кызматынын маалыматы салык кызматынын маалыматынан айырмаланып чыгып жаткандыгына таң калган жерим жок. Жүк ташуучу транспорт салык кызматкерлерине жетпей калат, анткени мында кеңири өтүүчү жол бар. Жаңы эле биздин унаанын алдында бензовоз салык текшерүүсүнөн кыйгап өттү. Ушул жерге жүк ташуучу транспорт үчүн тыюу салуучу белги коюп, номерлерди эсепке алуу тутумун орнотуп койсо эмнеге болбосун. Жүк ташуучу унаалар биздин посттордон кыйгап өтүп, биз ага эч кандай көңүл бурбасак, биздин кылып жаткан ишибиздин эч кандай натыйжасы бобойт», – деп белгиледи  Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артем Новиков кыска мөөнөттө автономерлерди фиксациялоо тутумун орнотуп, өтүүчү жолдун жазылыгын кыскартып, «Бириккен постту» кыйгап өтпөшү үчүн жүк ташуучу транспортко тыюу салуучу жол белгисин орнотууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: