Menu

Тилек Кирекеев, “Эл тынчтыгы” коомдук бирикмесинин жетекчиси: “Биз өлкөдөгү туруктуулукту  сактоо үчүн күрөшөбүз”

Бөлүшүү:

– Тилек, Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 6 айылынын жаштары биригип, “Эл тынчтыгы” деген коомдук бирикме түзүпсүңөр. Бирикмени түзүүнүн максаты эмнеде болду?

– Биз жалпы мекендештерибизди, элибизди ынтымакка, ыймандуулукка чакырып жатабыз. Ынтымак бар жерде ырыс бар дейт. Элибизде ынтымак, тынчтык болсо көп нерсеге жетишебиз. Бүгүн биз өзүбүздүн коом түзгөнүбүздү сиздерге жарыялап жатабыз. Кимдир бирөөнүн камчысын чаап бергиле дегенден алыспыс. Коомдук бирикмени түзүү максатыбыз саясаттын айынан эки тарап болуп бөлүнүүнү токтотуп, ынтымакка чакыруу. Элдин ынтымагын бузган саясатчылардын куралы болуп калбайлы деп жатабыз.. Элибизге тынчтык керек. Өлкөбүздө тынчтык болсо жашоо шартыбыз оңолот, келечек муунга да татыктуу мамлекетти калтырып кете алабыз. Пайдасынан зыяны көп болгон саясий топтордун артынан ээрчибей, өзүбүздүн жашоодогу көйгөйлөрдү чечели деген чакырыкты таштап жатабыз. Көп түкүрсө көл болот дейт. Же болбосо кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей, ар кандай маселелерди ортого салып, акыл калчап, чогуу чечкенге аракет кылалы деп балдар бириктик. Ынтымакты, күч, биримдикте экенин эске алып, баарыбыз бир билек болсок, жамандыкка барбайбыз деген үмүттөбүз. Элди акчага сатып алам деп ойлогондорго эл акчага сатылбай турган улуу күч экенин көрсөтөлү деп жатабыз. Арам акчага алданып, эртеңки келечегибизди талкалап алгандан коркушубуз керек. Өзүбүздүн келечегибиз өзүбүздүн колубузда экенин айткым келип жатат. Кыргыз намыс үчүн, мекенинин тынчтыгы үчүн башын канжыгага байлап коюп,  душманды качырган. Биз Ак үйдүн алдына кимдир бирөөнү бийликке алып келүү үчүн чогулгандан көрө, өзүбүздүн айылыбыздын, жаштарыбыздын көйгөйүн чечип берели деген максатта ишти баштап жатабыз. Биздин тилегибиз өлкөбүздө тынчтык болуп, келечегибиз жаркын болсо деген..

– Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында бирикмеңерди элге тааныштырдыңар. Көтөргөн идеяңарды кубаттаган жаштар болуп жатабы?

– Бүгүнкү күндө активдүү иш алып бара баштадык. Элди биримдикке, ынтымакка чакыруу максатында биримдик түзсөк деген идеяны көптөн бери кеңешип келгенбиз. Кыргызстандын жараны катары өлкөдөгү ынтымак, биримдик үчүн өз салымыбызды кошсок, жаштарды туура жолго чакырсак деген ой-максатыбыз күч болчу. Азыр ошол максатыбызды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Кудай буйруса, баары жакшы болот деп ойлойм. Биздин ураанды бир гана биздин айылдаштар эмес, өлкөдөгү жаштар колдойт деп ишенем. Бирикменин ачылыш аземине эле 350дөй адам катышты. Келгендердин баары көтөргөн идеябыз жакшы экенин айтышып, чогуу болууга сөз беришти. Жаштардын максаты эл арасына жик салып, калкты туура эмес нукка бургандарга жол бербөө болуш керек. Кыргызстаныбыздагы тынчтыкты камсыз кылууга салым кошолу деген “Эл тынчтыгы” коомдук бирикмесинин демилгеси көпчүлүк тарабынан колдоого алынууда. Ачылышка өлкөдөгү туруктуулукту, биримдикти каалаган Кара-Балта, Сокулук, Кемин, Кант шаарынан патриот жарандарыбыз, жаштарыбыз келди. Алар биздин демилгени колдоого алып, мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу үчүн өз салымдарын кошууга даяр экендиктерин айтты.

– Бул бирикме кийинки жылы боло турган шайлоого карата кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгын колдоо максатында түзүлгөн жокпу?

– Биз эч качан саясатка аралашпайбыз жана кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн иштебейбиз. Бирикмени түзүп жатканда жигиттер менен ушундай чечимге келгенбиз. Ушул позицияда катуу турабыз. Биздин артыбызда эч кандай саясий күчтөр да жок. Кээ бирөөлөр мурунку президент Атамбаев айылдаштарын топтоп жатыптыр деп ойлоп алышы мүмкүн. Мен ачык эле биздин бирикмеге Атамбаевдин эч кандай тиешеси жок экенин айтып коёюн. Анын камчысын чаба турган жаштар эмеспиз. Башка адамдар бийлик уюштурган болушу керек деген ойго кетиши да ыктымал. Биз бийликтин ырын ырдабайбыз.

– Өлкөдөгү ынтымакты, биримдикти, тынчтыкты камсыз кылганга салым кошолу деп жатсаңар, азыр туруктуулукту бузганга аракет жасаган коркунучтар барбы?

– Тынчтыкты, туруктуулукту бузууга өзүбүздүн арабыздан чыккан саясатчылар кооптуу болуп турат. Айрымдары сырткы күчтөрдүн заказдарын аткарып, жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр. Кыргызстан глобалдык оюнчулар үчүн эң маанилүү аймакта жайгашкандыктан алар бизди колдонуу менен ар кандай оюндарын ишке ашырууга сөзсүз аракет кылат. Бул үчүн карапайым элди мыйзамсыз аракеттерге түртүп, башаламандык уюштуруп жиберүүдөн да кайра тартпайт. Мындай коркунучтардын алдын алуу үчүн баарыбыз катуу турушубуз керек. Жакынкы Чыгыштагы Сирия, Ирак, Ливия мамлекеттеринин азыркы тагдыры биз үчүн чоң сабак болушу зарыл. Эң башкысы биз үчүн Кыргызстанда тынчтык маанилүү. Ошону камсыз кылып, туруктуулукту сактоо үчүн тикеден-тик туруп, салым кошолу деген тилектебиз.

Маектешкен: Н.Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: