Казакстанда «Алтын Эмел», «Көлсай көлдөрү» жана «Шарын» улуттук паркындагы жер тилкелери туризмди өнүктүрүү максатында үч инвесторго узак жылга пайдаланууга берилет. Бул үчүн атайын тендер өткөн. Бул тууралуу Экология, геология жана табигый ресурстар министрлиги кабарлады.
Улуттук паркты өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу үчүн жалпысынан 14,5 млрд теңге (33,5 миллион доллар) көлөмүндө инвестиция тартылат.
Министрлик парктарда заманбап визит борборлору, глэмпингдер, кемпингдер, эко-мейманканалар жана башка объектилер куруларын билдирди.
Марттын аягында Алматыга жакын Иле-Алатау улуттук паркы тендер жарыялап, 187 гектар жерди жеке жактарга берүүнү көздөгөн. Кийинчерээк докменттерде «техникалык ката бар» деген жүйө менен тендер жокко чыгарылган.
Улуттук парктардын жерин ижарага берүү же объектилерди куруу демилгелерин экоактивисттер сындап, жаратылышка олуттуу зыян алып келерин билдирип жүрүшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ