Menu

Дүйнө чемпионаты: Кыргыз балбандары грек-рим күрөшүндө олимпиадалык бир жолдомо менен чектелди

Бөлүшүү:

14-сентябрда Нур-Султан шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталып, анда 103 өлкөнүн миңден ашуун балбаны күч сынашып жатышат. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандарынын дүйнө чемпионатындагы таймашуулары тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов баяндап берет.

Бул дүйнөлүк таймашуунун дагы бир өзгөчөлүгү биринчи орундан бешинчи орунга жеткен балбандарга  2020-жылы Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга 108 жолдомо ыйгарылат. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мен деген мыкты балбандардын баары Нур-Султан шаарында багын сынап жаткан учуру.

Атабек олимпиадага жолун ачты

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 10 салмак боюнча күч сынашуулар болсо, Кыргызстандан тандалган 10 балбан да багын сынап көрдү. 4 салмакта: 55, 63, 72 жана 82 килограммда олимпиадалык жолдомолор ойнотулбай, дүйнө чемпиондугу үчүн гана күч сынашуулар болду. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн 60,67, 77, 87, 97 жана 130 килограмм салмактарда 1-5-орундарга жетүүгө дүйнөнүн мыкты деген балбандары аракет кылышты. Жыйынтыгында 36 балбанга олимпиадалык жолдомолор ыйгарылды. Алардын катарында Кыргызстандан жалгыз Атабек Азизбеков гана болду.

Нур-Султан шаарына аттанаар алдында кыргыз күйөрмандары Каныбек Жолчубеков,Амантур Исмаилов, Узур Жусупбеков жана Мурат Рамонов Токио олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал дешип, үмүт кылышкан. Спорт адистери да ушул балбандардын даярдыгы мыкты, чеберчилиги жогору дешип, грек-рим күрөшүнөн 3-4 жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болоорун божомолдошкон.

15-сентябрда грек-рим күрөшүнөн  36 олимпиадалык жолдомолор үчүн таймашуулар башталган. 87 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байге ээси, кыргыз балбаны Атабек Азизбеков алгачкы беттешинде латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде жеңип алып, кийинки беттешүүгө жолун ачкан эле. Кийинки таймашууда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, венгиялык Виктор Леринц балбанга утулуп калган. Бирок  атаандашы, венгриялык балбан финалга чыккандыктан Атабек Азизбеков коло байге үчүн талапкерлердин таймашында түркмөнстандык балбан Шихазберды Обелеков менен  16-сентярда күч сынашып, аны 6:0 эсебинде  артыкчылык менен утуп алды. Атабек Азизбеков   коло байгеси үчүн  болгон көңүл жубатуучу беттешинде кытайлык Жуинже Наны 6:1 эсебинде жеңип,  2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомосуна ээ болду.Азизбеков коло байге үчүн өзбекстандык Рустам Ассакалов менен беттешип, атаандашына алдырып койду.

Жолчубековдун жолу болбоду…

16-сентябрда 60,77 жана 130 килограмм салмактарда күч сынашуулар өттү.  60 кг салмакта Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, кыргыз балбаны Каныбек Жолчубековдун алгачкы атаандашы, түркиялык Кемел Камалды 15:7 эсебинде утканы менен 1/16 финалда кытайлык атаандашына алдырып коюп, мелдештен четтеп калды.

Ал эми 77 кг салмакта  кыргыз балбаны Кайрат Түгөлбаевдин алгачкы атаандашы фин балбаны Нико Оскари Ерколла болуп, аны 7:0 эсебинде утканы менен 1/16 финалда франциялык балбанга 3:1 эсебинде алдырып койду.

Жолдомого бир кадам жетпей калган Мурат Рамонов

130 килограмм салмакта өлкө намысын Азия чемпионатынын жети жолку жеңүүчүсү, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын катышуучусу Мурат Рамонов коргоп, ал биринчи беттешүүдө польшалык балбан Рафаэл Кражевский менен күч сынашып, 10:0 эсебинде утуп алган эле.  18 финалда Рамонов казакстандык Мансур Шадукаевди 2:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси,кубалык Оскар Пино менен күч сынашып, 6:4 эсебинде утулуп калды. Бирок. кубалык балбан финалга чыгып, Мурат Рамонов коло байге үчүн талапкерлердин күч сынашууларына катышып, мында Лондон олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону,эстониялык балбан Хейки Набиге туруштук бере албай, олимпиадалык жолдомого бир кадам калганда куру калды.

Ошентип кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн Каныбек Жолчубеков, Амантур Исмаилов, Узур Жусупбеков жана Мурат Рамонов актай алышкан жок.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону грек-рим күрөшүнүн балбандары 6 жайкы олимпиадалык оюндарга катышканы менен 2008-жылы Бээжинде гана Канатбек Бегалиев- күмүш, Руслан Түмөнбаев-коло байгелүү болушкан.

Төрт балбан дагы үмүттү актай албады…

14-15-cентябрь күндөрү олимпиадалык жолдомо ойнотулбаган 55, 63, 72 жана 82 килограмм салмактардагы күч сынашууларга кыргызстандык 4 балбан катышты.

55 килограммга чейинки салмактык бөлүктө килемге чыккан 2019-жылкы Азия чемпионатынын коло байге ээси кыргыз балбаны Асан Сулайманов Европа чемпиону, россиялык балбан Виталий Кабалоевге 9:0 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калды.  72 кг салмакта 2014-жылкы Азия чемпиону, Азия чемпионатынын үч жолку жеңүүчүсү, Рио-де-Жайнеро олимпиадасынын катышуучусу, кыргызстандык Руслан Царев египеттик Насан Ахмад Мохамедди 9:1 эсебинде жеңип, 18 финалында венгриялык Балинт Корпасиге жеңилип, жолу болбой калды. 82 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Калидин Асыкеев  дүйнө чемпиону, армениялык Максим Манукиянга 4:1 эсебинде жеңилип, бармагын тиштеп, жаштык кылып койду.

Келечегинен үмүт жандырган Тынар

Мелдештин биринчи күнү уландар арасындагы Азия чемпионатынын коло байге ээси, кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков  63 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, келечегинен үмүткөр кылып койду.

Тынар Шаршенбеков  алгачкы атаандашын жеңип, бирок чейрек финалда утулуп калды. Ал биринчи беттешүүдө  болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, экинчи беттешинде олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Азия чемпиону, жапониялык балбан Шиноби Отага жеңилди. Бирок.жапон балбаны финалга чыккандыктан 15-сентябрда Тынар Шаршенбеков коло байгенин талапкерлеринин көңүл жубатуучу күрөшкө жолу ачылды.

Бир күндөн кийин Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште беларусиялык балбан Максим Ниходаны 6:4 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө укук алган. Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн жандырган Шаршенбеков  коло медаль үчүн болгон күч сынашууда казакстандык балбан Алмат Кеписбаевге 9:0 эсебинде утулуп, үчүнчү орунга илинбей, 5-орун менен чектелди. Күрөш адистери Тынар Шаршенбековду жаш болсо да жакшы күрөшкөнүн белгилеп жатышат.

Нур-Султандагы дүйнө  чемпионатына Кыргызстандан грек-рим, кыз-келиндер арасында эркин күрөш жана эр-азаматтар арасында эркин күрөш боюнча 22 балбан барган. Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга  2020-жылкыТокио олимпиадасына жолдомолор берилет.

Кыздары кыйын кыргыздын…

17-сентябрда кыз-келиндер арасында эркин күрөш мелдештери башталды.  55 килограмм салмакта күрөшкөн Мадина Надирова алгачкы атаандашы, америкалык балбан кызга утулуп калды.  Атаандашы финалга чыгып,  18-сентябрда Мадина коло байгеге талапкерлердин таймашына катышмак болду. Анын атаандашы монголиялык балбан кыз болот. Ал беттешүүнү утуп алса гана коло байге үчүн түркиялык Бедиха Гүн менен күч сынашат.

18-сентябрда 57 килограмм салмакта кыздар арасында дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш медаль ээси Нураида Анаркулова менен жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын коло байге ээси Айпери Медет кызы килем үстүндө багын сынап, олимпиадалык жолдомо үчүн таймашууларга чыгат.

Ал эми кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган 2017-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону,Азия оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 19-сентябрда күч сынашууларга катышат.

Эми да кызыктуу таймашуулар алдыда турат. Кыргызстандан Нур-Султандагы дүйнө чемпионатына 4 балбан кыз катышууда.

Дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Учурда балбан Атабек Азизбековдон сырткары Токио олимпиадасына  суучул Денис Петрашов менен жөө күлүк, марафончу Юлия Андреева жолдомо жеңип алышкан.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: