Menu

Фото – Дүйнө чемпионаты 2019: Грек-рим күрөшү жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

14-сентябрда Нур-Султан шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталып, анда 103 өлкөнүн миңден ашуун балбаны күч сынашып жатышат. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандарынын дүйнө чемпионатындагы таймашууларынын жыйынтыктары жана алдыдагы мелдештери тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов баяндап берет.

Бул Нур-Султандагы таймашууларга баам салмак  дүйнө жүзүндө күрөштүн деңгээли өскөнү байкалат. Себеби, грек-рим күрөшү өнүккөн айрым Азия, Европа өлкөлөрү, АКШ мамлекеттери Токио олимпиадасына жолдом албай арманда калышты.Америка континентинен Куба өлкөсү гана 2 жолдомонун ээси болду.  Бул дүйнө чемпионатынын эң  бир өзгөчөлүгү биринчи орундан бешинчи орунга чейин жеңүүчүлөргө 2020-жылы Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга 108 жолдомо ыйгарылмак. Анын 36сы грек-рим күрөшүнөн жеңүүчүлөргө берилди.  Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мен деген мыкты балбандардын баары Нур-Султан шаарында багын сынап жаткан учуру. Азыркы учурда  эркин күрөш боюнча кыз-келиндер күч сынашып жатса, 20-сентябрдан баштап эркин күрөш боюнча эр-азаматтардын  таймашуулары башталат.

Азия өлкөлөрү 10 жолдомо алышты

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 10 салмак боюнча 66 өлкөнүн мыкты балбандарынын күч сынашуулар болсо, Кыргызстандан тандалган 10 балбан да багын сынап көрдү. 4 салмакта: 55, 63, 72 жана 82 килограммда олимпиадалык жолдомолор ойнотулбай, дүйнө чемпиондугу үчүн гана күч сынашуулар болду. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн 60,67, 77, 87, 97 жана 130 килограмм салмактарда 1-5-орундарга жетүүгө дүйнөнүн мыкты деген балбандары аракет кылышты. Жыйынтыгында 36 балбанга олимпиадалык жолдомолор ыйгарылды. Алардын катарында Кыргызстандан 87 килограмм салмакта күрөшкөн, Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байге ээси  Атабек Азизбеков олимпиадалык жолдомого ээ болду.

Нур-Султан шаарына аттанаар алдында кыргыз күйөрмандары Каныбек Жолчубеков,Амантур Исмаилов, Узур Жусупбеков жана Мурат Рамонов Токио олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал дешип, үмүт кылышкан. Спорт адистери да ушул балбандардын даярдыгы мыкты, чеберчилиги жогору дешип, грек-рим күрөшүнөн 3-4 жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болоорун божомолдошкон. Бирок алар бул ирет үмүттү актай алышкан жок.

Россия командалык биринчи катарда

Командалык эсепте грек-рим күрөшүнөн биринчи орунду Россия, экинчи орунду Өзбекстан, үчүнчү орунду Грузия ээледи. Тынар Шаршенбеков менен Атабек Азизбеков 5-орунду, Мурат Рамонов 7-орунду камсыз кылгандыктан Кыргызстан 15-орунга илинди.

Бул Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Азия континеттиндеги өлкөлөр 10 гана жолдомого ээ болушту. Иран менен Өзбекстан- үчтөн, Казакстан- эки, Жапония менен Кыргызстан бирден жолдомо алышты. Азия өлкөлөрүнүн балбандары 60 жана 97 килограмм салмактарда жолдомо албай арманда калышты. 130 килограмм оор салмакта ирандык балбан гана Токио олимпиадасына жолун ачты.

Жолдомодон куру калган Азия өлкөлөрү

Күрөш өнүккөн Түштүк Корея, Кытай, Индия, Монголия, Таиланд, Түндүк Корея, Вьетнам, Тажикстан жана башка Азия өлкөлөрү Нур-Султан шаарында грек-рим күрөшүнөн 2020-жылкы Токио олимпиадасына бирөө дагы жолдомо албай, бармак тиштеп калышты.

Эмки  2020-жылы февралда Кытайда өтө турган Азия чемпионатында  биринчи жана экинчи орундарды ээлеген балбандарга олимпиадага жолдомо ыйгарылат. Ошондуктан Азия чемпионаты абдан курч мүнөздө өтчүдөй болуп турат. Үй ээси болгондуктан миллиарддаган калкы бар кытайлыктар сөзсүз түрдө үстөмдүк кылаары бышык. Ал эми Нур-Султанда багы ачылбай калган Түштүк Корея, Индия, Монголия, Таиланд, Түндүк Корея, Вьетнам жа башка мамлекеттер Азия чемпионатына мыкты даярдык көрүшөөрү эп болуп турат.  Андан кийин Токио олимпиадасына жолдомо берүүчү Азия континентинин эл аралык турнири Индия өлкөсүндө өтүшү ыктымал. Анда дагы айыгышкан таймашуулар болушу күтүлөт.

Өчпөсүн сенин үмүтүң…

Мына ушул мелдештерде гана кыргыз балбандары Каныбек Жолчубеков, Амантур Исмаилов, Узур Жусупбеков жана Мурат Рамонов Токио олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал. Балким башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев дагы башка балбандарды Эрбол Бакиров, Акжол Махмудов, Калы Сулайманов, Руслан Царев жана башкаларды да сынап көрүүнү максат кылышы мүмкүн. Бул жигиттерден дагы үмүттү үзбөй, аларга ишеним артып туралы…

Кыргызстан эгемен өлкө болгону грек-рим күрөшүнүн балбандары 6 жайкы олимпиадалык оюндарга катышканы менен 2008-жылы Бээжинде гана Канатбек Бегалиев- күмүш, Руслан Түмөнбаев-коло байгелүү болушкан.

///////

Грек-рим күрөшү боюнча  2019-жылкы дүйнө чемпионатынын жалпы жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

55 кг
1.Нугзари Цурцумия – Грузия
2.Хорлан Жаканша – Казакстан
3.Шота Огава – Япония
3.Элданиз Азизли – Азербайжан

60 кг
1.Кенихиро Фумито – Япония
2.Сергей Емелин – Россия
3.Али Реза Нежати – Иран
3.Мирамбек Айнагулов – Казакстан

63 кг
1.Синобу Ота – Япония
2.Степан Маранян – Россия
3.Алмат Кебиспаев – Казакстан
3.Славик Галстян – Армения

67 кг
1.Исмаэль Борреро Молина – Куба
2.Артем Сурков – Россия
3.Франк Штеблер – Германия
3.Мате Немеш – Сербия

72 кг
1.Абуязид Мансигов – Россия
2.Арам Варданян – Өзбекстан
3.Балинт Корпаши – Венгрия
3.Аик Мнатсаканян – Болгария

77 кг
1.Тамаш Лёринц – Венгрия
2.Мишель Киссидис – Швеция
3.Жалгазбай Бердимуратов – Өзбекстан
3.Мохаммадали Гераи – Иран

82 кг
1.Лаша Гобадзе – Грузия
2.Рафик Хусейнов – Азербайжан
3.Саед Абдвали – Иран
3.Хайтао Куиан – Кытай

87 кг
1.Жан Беленюк – Украина
2.Виктор Лёринц – Венгрия
3.Рустам Ассакалов – Өзбекстан
3.Денис Кудла – Германия

97 кг
1.Муса Евлоев – Россия
2.Артур Алексанян – Армения
3.Сенк Илдем – Түркия
3.Михаил Кажайа – Сербия

130 кг
1.Риза Кыялп – Түркия
2.Оскар Пино Хиндс – Куба
3.Якоби Кажайа – Грузия
3.Хейки Наби – Эстония

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: