Menu

Орусия: өндүрүштө ток урган тажик жараны каза болду

Бөлүшүү:

Подмосковьедеги Истра шаарында өндүрүш маалында ток урган 27 жаштагы Умарали Хакимов аттуу тажик жараны каза болду. Ал бетон өндүрүү ишканасында иштечү.

Маалыматка караганда, окуя 14-сентябрда болгон. Видео каза болгон мигранттын жерде жатканын, айланасында ишкана өкүлдөрүнөн эч ким жок экенин көрүүгө болот. Окуя болгон жерге барган айрым тажик мигранттары кырсыктан кийин ишкананын бардык кызматкерлери, анын ичинде жетекчилиги дагы жабдууларды чогултуп, качып кетишкенин билдиришүүдө. Алар ишканада жөнөкөй коопсуздук эрежелери сакталбаганын, жумушчулар электр зымдарына өтө жакын жерде иштеп жатышканын кошумчалашты.

Тажикстандын Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Умарали Хакимов кокустан далысы менен электр зымдарына тийип алганда ток урган.

Мекеменин басма сөз катчысы Иброхим Ахмади алар маркумдун туугандары менен байланышта экенин жана сөөгүн мекенине жөнөтүүгө керектүү документтерди даярдоого жардам берип жатышканын билдирди. «Алгач соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп, анын өлүмүнүн себептерин аныктоо керек. Андан соң сөөк Тажикстанга жеткирилет», — деди Ахмади.

Мигранттардын айтымында, Орусиядагы жумуш берүүчүлөрдүн айрымдары өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин эске алышпайт. «Ошондуктан бул сыяктуу кырсык болгондо бардыгы жоопкерчиликтен качышат. Жыйынтыгында «жүк-200дү» мекенине жеткирүүгө кете турган чыгымды башка мигранттар көтөрүп калышат», — деп билдирди Орусияда иштеп жүргөн Амонхужа аттуу тажик жараны.

Өткөн жылы Тажикстанга Орусиядан жалпысынан 900 адамдын сөөгү жеткирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: