Бишкекте 5-июнда милиция кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган адамдан куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкери Кара-Жыгач токоюнун жанынан өтүп баратып, кыздын кыйкырыгын уккан, ал жардамга чуркап барганда киши кызга кылмыш ишин жасоого киришкен.
“Зордуктоого аракет кылган адам милиция кызматкерин көргөндө качууга аракет кылган. Бирок милиция кызматкери аны кармап, колго түшүргөн”, – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ