Menu

Черик Шейшеналиев, күйөрман: Көк бөрү үчүн региондорго бөлүнүүлөр көбөйдү

Бөлүшүү:

Жакынкы эле убактарда эгемендүүлүк майрамына карата президенттин кубогу үчүн, андан соң III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну ойнолуп, анын артында түрдүү пикирлер айтылып, ушул күнгө чейин кеп учугу жыйылбай келет. Бүгүн көк бөрү оюнунун көшөгө артындагы көрүнүштөрү тууралуу кеп козгодук.

– Черик мырза, көк бөрү оюнунун алкагындагы жүрөк өйүткөн маселелерден сөз уласак?..

– Кыргыздын байыртан келе жаткан көчмөндүк жашоо образынан, жоокердик адатынан калган улуттук ат оюндарынын бири көк бөрүнү көрүп, кызыгып жүргөнүмө көп жыл болуп калды. Акыркы жылдары түрдүү жат көрүнүштөргө күбө болуп калчу болдук. Ошол көрүнүштөр туурасында окурмандар менен ой бөлүшкүм келди. Негедир акыркы убактарда көк бөрүнүн күйөрмандары арасында бөлүнүп-жарылуу орун алууда. Айрым көрүнүштөрдөн мисал келтирсем, облус-облус болуп бөлүнүп, бири-бирине бош желим бөтөлкөлөрдү ыргытып, жаман сөздөрдү агыткан күйөрмандар бар. Мурда «Достук» командасында, азыр Сары Өзөндүн командасында ойногон таластык Жапакеев деген мыкты оюнчу жигит бар. Таластык жигитин Сары Өзөнгө ойногону үчүн «Жапакеевди жетинчи ат менен тебелеп кет» деп “7» деген курч атты күйөрмандар айтып атышты. Антип кыйкыргандар жашы өтүп, алтымышка жакындап калган адамдар экен. Ошол учурда дагы бир таластык аксакал ордунан туруп, «мындай сөзүңөрдү койгула. Бул кыргыздын жигити. Бул жигит Таласка ойнобой Сары Өзөнгө ойносо да батабызды беребиз. Минтип «тебелет, талкала» деп турсак ынтымагыбыз кайда барат?» деген калыс сөзүн айтты. Биз өзүбүз деле алакандай элбиз. Улак тартыштагы жат көрүнүштөрдөн Талас, Ош, Көл, Чүй болуп бөлүнүүлөр пайда болуп жатат. Бул боюнча күйөрмандардан суранат элем, бизге улакчыларыбыз Кытайдан же башка өлкөлөрдөн келип ойногон жок. Өзүбүздүн эле бир туугандар. Эрендердин оюнуна салымын кошуп жүгүрүп жүргөн жигиттер. Тескерисинче, колубуздан келсе батабызды берсек.

-«Биз качантан бери КТРКнын убактысы менен иш жүргүзүп калдык?»

– Дагы бир айта кете турган нерсе, биз качан эле КТРКнын сааты менен иштеп жүрчү элек? Жакынкы оюндарда «КТРКнын саатына туура келбей калды» деп сокулуктук жигиттер менен бакайаталык жигиттер ойногон оюнда бир голду жаратпай салышты. Мен калыстардан «оюнду таза карашса» деп суранар элем. Бул жерде кандайдыр бир 4 секундбу, мүнөтпү, убакыт айырма болуп кадды. Ошондо бул жерде калыстардын убактысы менен туура чыгып, КТРКнын убактысынан озуп кетишиптир. Бул үчүн көйгөйлөр жаралып, уруш чыгып кетүү коркунучу да пайда болду. Калыстар калыстыгы какжарган адамдар болсо, баарын калыстык менен чечишсе, оюнчулардын да, күйөрмандардын көксөөсү канып, нааразычылык жаралбайт эле. Көк бөрүнүн жигиттери желекти көтөрүп жалпы элге жакшы оюн көрсөтүп жатышат. Ар кандай жарааттарды алып жатышат. Жакында эле оюн учурунда бир оюнчунун жамбашы сынып, бири башын тебелетип жаракат алды. Анчалык эле күйөрман болсок, ошол жаракат алган балдарды колдобойлубу?

-«Улакчыларды жетелеген күчтүү жигиттер бар»

– Улакчыларды жетелеп, улакчыларга күч берип жүргөн күчтүү жигиттерибиз бар. Астанага чейин барып эл намысын коргоп, казактардын кыйкымчылдыгына жоопторун берип, намыс менен келишти. Көчмөндөр оюндарынын аягында улакчыларды жетелеген Талас Бегалиев казактарга калыс пикирин айтты. Курч жигиттер керек. Мындай жигиттерди колдошубуз керек.

Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө,

Бөлүнсөн бөрү жеп кетет.

Бөлүнүп кетти кыргыз деп,

Бөтөн элге кеп кетет, – дегендей, кыргызым бөлүнбөй, эрендердин оюнунун көрсөткөн жигиттерди колдойлу.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: