Menu

Видео – Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Мени Садыркулов спикер кылган эмес, Атамбаев ошону билбегени уят, мен Садыркулов каза болгондон кийин спикерликке шайлангам”

Бөлүшүү:

“Эми өкүнүчтүү, Атамбаев президент болуп туруп ушундай нерсени билбегени, билбей жатып баа берип сүйлөгөнү өкүнүчтүү. Президент деген өзүнүн миссиясын, максаттарын билиш керек да. Мен спикер болуп 2009-жылы 24-декабрда шайлангам, ал эми Медет Садыркулов 13-мартта эле каза болуп калган эле. Ошондуктан Медет Чоканович мени эч качан спикер кыла албайт эле, андай ою да жок болчу. Менин да оюмда спикер болом деген ой эч качан болгон эмес. Ошондуктан Атамбаевдин айткандары туура эмес, кечирим сураш керек, жаңылып калдым деп”, – деп билдирди экс-спикер Зайнидин Курманов бүгүн, 19-октябрда “Жалбырак ТВ” каналына.

“Экинчиден, Атамбаевди премьер-министр кылган Медет Садыркулов, аны баары билет. Бирок, Садыркулов каза болгондо, 13-марттан кийин Роза Отунбаева, Элмира Ибраимова жана Галина Куликовалар гана Садыркуловдун өлүмү тууралу өз сөздөрүн айтышкан. Ал эми Атамбаев унчукпай жоголуп кеткен. Каякка жоголуп, каякка бекинип калды билбейбиз, ошондой сырлары бар турбайбы, эч кимге белгисиз. Анан өзүн билбей башкаларды күнөөлөгөн туура эмес”, – деди Зайнидин Курманов.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 18-октябрда Алмаз Атамбаев: ““Биз Медет Садыркуловду – Бакиевдин администрциясынын жетекчисин кантип өлтүрүшкөнүн, кантип тирүүлөй өрттөшкөнүн унутпайбыз. Керек болсо бир тууган иниси өзү Садыркуловду кыйнап өлтүрүүгө катышкан. Садыркулов спикерликке чейин өстүргөн, “Зая, Зая” деп эркелетип жүргөн Зайнидин Курманов бир үн чыгарып койгонго жараган эмес! Анткени мындай адамдарга, жексурларга мансап кымбат”,  деп айыптаган эле.

Видео: “Жалбырак ТВ”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: