Москвада 2018-жылы Дүйнө чемпионатынын убагында футбол фанаттарын сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу Hardcore Fighting Championship – жылаңач муштум менен мушташуу лигасынын мушкери болду.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2018-жылы 16-июнда Москва шаарында футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан учурда такси жолдон чыгып, 20дай адамды сүзүп кеткен, унаанын ылдамдыгы жай болгондуктан 8 адам жаракат алып, медициналык жардам алууга кайрылган. Унааны кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу башкарып бараткан.
2018-жылдын октябрь айында кыргызстандык жаранды Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка тартуу менен айлык маянасынан 15%ын кармай турган болуп, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыраткан болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ