Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин журналист Зулпукар Сапанов боюнча кайрылуусу

Бөлүшүү:

Бишкек, 13-сентябрь, 2017-ж. Акыркы убакта журналисттерге, коомдук активисттерге жана оппозиция мүчөлөрүнө каршы саясий себептер менен токулган соттук чечимдер өтө эле көбөйүп кетти. Мындай чечимдер эч бир элдик пикирден же уят-сыйыттан коркуп-ийменбестен, көрсөтмө катары чыгарылып жатат.

Журналист жана жазуучу Зулпукар Сапановго каршы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кечээ күнү, 12-сентябрда, чыгарган соттук чечим өлкө жарандарынын баарын чочулатып, таң калтырды. Сапанов китеп гана жазганы үчүн Кылмыш жобосунун «дин аралык араздашуу чыгаруу» деген беренеси боюнча төрт жылга эркинен ажыратылууга кесилди.

Сапановдун өзүнүн айтымында, «Кыдыр санжырасы» деген китебинде ал Куран жана башка ислам боюнча тарыхый чгармаларга сын көз караш менен мамиле кылып, бир топ курч суроолорду койгон. Сапанов өзүн традиционалист деп эсептейт жана кыргыз элинин тарыхый адат-салты менен байыркы маданий баалулуктарын сактоого үндөйт.

Соттун жүрүшүндө ал – өзүнүн көз карашына төп келген президент Алмазбек Атамбаевдин да сөздөрүн келтирген: «Элдик кыргыз кийимин кийгендин ордуна кээ бир биздин айымдар жамынып, паранжа же хижаб сыяктуу араб кийимдерин кийе баштады. Биз өз салттарыбызды, өз маданиятыбызды сакташ керекпиз. Кимде ким өз салты менен тилин жоготсо, ал мамлекетти да жоготот».

Зулпукар Сапановдун камалышы өлкөдөгү ансыз деле чыңалып бараткан диний мамилелерди ого бетер ырбатышы мүмкүн жана башкалар үчүн ал өтө терс, коркунучтуу үлгү болуу коркунучун жаратат. Мындай соттор болуп жаткан учурда бейдин болуп эсептелген бийликтин билмексен болуусу дагы өтө коркунучтуу. Өлкөнүн Жазуучулар биримдиги, журналисттердин бир нече уюму же Маданият министрлиги да мындай соттор тууралуу үн катпай отурат.

Конституция боюнча, Кыргыз Республикасы – бейдин мамлекет, сот Марат Сыдыковдун чечими болсо, Конституциянын бул негиз салуучу биринчи беренесине шек келтирет. Бийлик – өзүнө каршы сын айткан эркин журналисттердин оозун соттордун колу менен жаап жаткан учурда эми диний чөйрө бүткүл өлкөгө бирдиктүү диний көз караш таңуулай баштадыбы?

Сапанов жана анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна каршы арыз менен кайрылууга даярданууда, ошондуктан Сөз эркиндигин коргоо комитети шаардык соттун коллегиясынан – маселени дыкат жана бейтарап карап чыгууну суранат. Муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын болсо комитет – ырайымсыз маанайдагы диний чөйрөдө түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө үндөйт. Антпегенде, диний абал өлкөдө ого бетер курчуп кете берет.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: