Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүү саясаты, өлкөнү санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу — өлкөнүн жана анын жашоочуларынын келечегине багытталган

Бөлүшүү:

«Аймактарды өнүктүрүү саясаты, өлкөнү санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу —  15-20 жылдан кийин да элибиздин турмушуна оң таасир берчү келечектүү, улуттук долбоорлор болуп саналат».

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде санариптештирүү боюнча саясаттын максаттарын белгилеп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы аймактардын жашоочулары менен болгон жолугушууларда Президенттик ишмердүүлүгүнүн бул артыкчылыктуу  багыттары өлкөнүн жана анын жашоочуларынын келечегине багытталганына ынанып жатканын баса белгиледи.

«Элибиз дагы мына ушуну колдоп жатат. Булар эми көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселелер», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бул багыттагы иштер токтобой, күчөтүлөрүн баса белгиледи.

«Президенттикке койгондо дагы программам, убадам ушул болчу. Ар бир жаран өз коопсуздугу бекем корголгон, сапаттуу медицина, сапаттуу билим берүүгө мүмкүнчүлүгү бар, экологиялык жактан таза азык-түлүк менен камсыздалган өлкөдө жашагысы келет. Балдарынын ушундай өлкөдө жашоосун самайт.Азыркы кылып жаткан иш-аракетибиздин бардыгы жарндарыбыздын мына ушул тилегин ишке ашырууга багытталган. Бул менин ишимдин маңызы. Ошондуктан, мен, албетте, азыркы Президент катары да, жаран катары да Кыргызстанды мына ушундай бакубат өлкө болот деп ишенем. Президент катары болгон аракетимди, мүмкүнчүлүгүмдү, күн-түн дебей талыкпай ушуга жумшап жатам», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: