Menu

Аудио – “Садырды шайлоодон өткөн күндө деле иштетпейбиз, анан жазга чейин алып түшөбүз” – оппозициячыл саясатчылардын планынан

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин Талас облусу боюнча шайлоо штабынын жетекчиси Малик Тойгожоев менен КСДПнын мүчөсү Асылбек Найзабековдун телефондук сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусу тарады.

Малик Тойгожоев: Менде жанагы Бектур (Асанов) менен мамиле бар да, дос.

Асылбек Найзабеков: ким?

Малик Тойгожоев: Бектур Асановчу

Асылбек Найзабеков: Ий-и

Малик Тойгожоев: Баягы күнү офисине баргам, бир жумуштар бар болчу, анан “эй, ушул жакка эле келбейсиңби” дейт. Анан барсам, Канат Исаев ошол жерде экен, Каныбек Иманалиев бар экен, анан баягы Абдулла Капаров деген, баягы Жээнбековдор соттотуп жиберди эле го, Ош УВДнын начальниги болгон.

Асылбек Найзабеков: Ооба, ооба, билем.

Малик Тойгожоев: Ий-и, ал чыгып келдим, мен Жээнбековдорду сотко берип жатам, өкүртүп жатам деп ал олтуруптур. Анан алар баягыкүнкүлөрдүн баарынын башын бириктирип жатышыптыр. Андан кийин “сен Абдилде (Сегизбаев) иштеп жаткан турбайсыңбы?” деп сурашат, мен “ооба” деп жооп бердим. “Анда Абдил менен байланыштырып койчу” деп сурашат. Мен ошол жерден эле Абдилге телефон чалып байланыштырып койдум. Анан алар жолугушуптур. “Садырды шайлоодон өткөн күндө деле иштетпейбиз, анан жазга чейин алып түшөбүз” деп жүрүшөт, айтор билбейм.

Асылбек Найзабеков: Билбейм, анда эме болот го, жөн бүтпөйт го бул нерсе.

Малик Тойгожоев: Же гражданский согуш чыгып кетип ит болбосок болду, эки-экиден мушташып.

Асылбек Найзабеков: Эми эмне болот, жазында өзгөрүү болот деп жатыптыр, жазында эмне кайра Бектур Асановду алып келип президент кылабызбы?

Малик Тойгожоев: Бектур Асановду эмес Адаханды алып келебиз деп жатышат…

Асылбек Найзабеков: Иий, ошо Адаханды токтотуп турушса болмок…

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: