Соцтармакта «экс-президент Алмазбек Атамбаевди Таш-Мойнок айылынан кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүүдө» деген маалымат тарап, коомдо кызуу талкуу жаралды. УКМК: «Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Чүй облусуна караштуу Таш-Мойнок айылында атайын операция жасалды деген социалдык тармактардагы жаңылыктар чындыкка дал келбейт» – деп билдирди. Бирок айрым социалдык тармактагы колдонуучулар мындай жалган маалыматты УКМК атайын элдин реакциясын байкап көрүү максатында өздөрү таратып жатышканын жазышып, мындай оюндун арты кооптуу болоорун эскертишүүдө…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ