Кечээ, 10-январда шайлоо күнү прокуратурага 5 билдирүү келип түшкөн, алар ички иштер органдарына жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Адыл уулу Кубан маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, шайлоо күнүнө чейин прокуратурага 14 арыз келип түшкөн, анын 2си каралып, мыйзам бузуу табылган жок. 12 кайрылуу кароого жөнөтүлдү.
Үгүт мезгилинде прокуратура органдары тарабынан 56 интернет басылма каралып, натыйжада 12 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 10 басылма жумушчу топтун кароосуна БШКга жөнөтүлдү, калган басылмалар боюнча мыйзам бузуулар табылган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ