Menu

Токмок шаарында үч эркек киши сабалып өлтүрүлдү

Бөлүшүү:

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Токмок ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан үч кишинин өлтүрүлүшүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-январда Токмок ШИИБне жергиликтүү тургун кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүндө эркек кишини сабап салышканын айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, үйдөн жаракат алган үч кишини табышкан. Үчөөнүн бири дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан учурда көз жумган. Калган экөө реанимацияда жан берген.

Окуя болгон жерди текшерүү учурунда милиция кызматкерлери арактын бөтөлкөсүнүн сыныктарын табышкан. Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча катталган.

Өлтүрүлгөндөр 1981-жылы туулган Э.Т. жана 1988-жылы туулган Д.А. экени аныкталды. Үчүнчүнүн өздүгү такталууда.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жана Токмок ШИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1984-жылы туулган К.Т. жана 1989-жылы туулган С.М. кармалды. Алар Кемин районунда жашынып жүрүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка эркектердин мас абалында урушуусу түрткү болгон. Кармалган эки шектүү жабырлануучуларды сабап, денелерине жаракат келтиришип, андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Кармалгандар Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: