Menu

13-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт

Бөлүшүү:

13-январь саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2021-жылдын январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

2. “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 03.02.20дагы № 49 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

3. “2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 05.03.20дагы № 133 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Суу жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарга, Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 03.06.20дагы № 286 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет);

5. “2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 28.07.20дагы № 402 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

6. “2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 13.11.20дагы № 561 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

7. “2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 19.11.20дагы № 570 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 02.10.20дагы № 512 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

9. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 02.10.20дагы № 513 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: