Menu

Өзбекстан жети өлкө менен аба байланышына киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты

Бөлүшүү:

Өзбекстан жети өлкө — Улуу Британия, Италия, Дания, Австрия, Австралия, Нидерланд жана Түштүк Африка Республикасы менен эл аралык аба каттамдарына киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиясы билдирди.

Комиссия мындай чечимин аталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абал оор бойдон калып жатканы менен түшүндүрдү.

Өзбек өкмөтү 21-декабрда коронавирустун жаңы штаммы аныкталганына байланыштуу жогорудагы жети өлкөдөн тышкары Германия менен да аба байланышына чектөөлөрдү киргизген. Анын мөөнөтү 10-январда аяктады.

Чектөөлөргө ылайык, аталган мамлекеттердин жарандары жана акыркы 14 күндүн ичинде ал мамлекеттерде болгон башка өлкөлөрдүн жарандары Өзбекстандын аймагына кире алышпайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: