Menu

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгарат. Бул тууралуу КРнын ББИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.

Мугалимдерди аттестациялоонун максаты:

Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу;

Мугалимдердин профессионалдык жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу;

Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу;

Мугалимдерди жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу.

Мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат.

2017-жылдын 5-октябрындагы №648 токтомунун негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын категория ээси болгон мугалимдерине кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт:

Жогорку категория үчүн – 2000 сом;

Биринчи категория үчүн – 1500 сом;

Экинчи категория үчүн – 1000 сом.

2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: