Menu

Элчи Ибрагим Жунусовдун Индиянын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маниш Прабхат менен жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү:

2021-жылдын 11-январында индиялык тараптын демилгеcи боюнча Элчиликте Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Индиянын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маниш Прабхат менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

И.Жунусов М.Прабхатты жаңыдан дайындалышы менен куттуктап, Өзбекстандагы мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Индиянын элчиси кезексиз президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү жана Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын абалы жана перспективалары тууралуу пикир алмашып,

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдө жана эл аралык уюмдардын алкагында учурдагы кызматташуу маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыктын улантыларына ишеним билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: