Menu

Быйыл 23 медресеге эскертүү берилди

Бөлүшүү:

Кыргызстанда “окутуу шарттары талапка жооп бербейт” деген 23 медресеге быйыл эскертүү берилди. Кемчиликтер жоюлбаса, алар толугу менен жабылат.

Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Зайырбек Эргешов бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Ислам диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери” аттуу жыйында билдирди. Эргешовдун айтымында, буга чейин алты медресе жабылган.

Кыргызстанда 104 медресе каттоодон өткөн. Андан тышкары диний билим берген орто жана жогорку онго жакын окуу жай бар.

Эреже боюнча, балдарга диний жогорку билими бар мугалимдер, тыюу салынган агымдарга мүчө болбогон кишилер сабак бериши керек. Окуу планына дүйнөбий билимдер, өнөр үйрөнүү сыяктуу сабактар да киргизилиши зарыл. Балдардын конституциялык укуктары сакталууга тийиш.

“Ислам диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери” аттуу жыйынды “Булан” институту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге уюштурду.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, өлкө боюнча 8400 бала диний билим алат. Эки жыл мурун бул көрсөткүч төрт миңдин тегерегинде болчу.

Быйыл январда президент Сооронбай Жээнбеков дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат дүйнөбий принциптерге таянып жүргүзүлүшү керектигин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: