Menu

Бийликтин саясый душмандары көбөйүүдө. Туруштук берүүгө мезгил жакындады

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков жарым жыл мурда эле Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөн Чотоновду, Бекболот Талгарбековду, Кубанычбек Кадыровду, Бекгур Асановду ж.б. «саясый куугунтукка» баалангандардын иштерин кайрадан каратып, эркиндикке мыйзамдын жолу аркылуу чыгарып салса болмок. Булар Алмазбек Атамбаевдин душмандары эле. Азыр болсо алар Атамбаевди кандай жек көрүшсө, Жээнбековго да кастарын тигип атышканы байкалууда. Алардын пиарщиктери бийликке акаараттарын кыла башташканы жөн жерден эмес го?.. Ошол эле маалда коррупцияга шектелип, камалып жатышкан чиновниктердин да жоон тобу бар. Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев, Албек Ибраимов, Салаадин Авазов, Икрам Илмиянов, Айбек Калиев, Адамкул Жунусов, Нурбек Айбашов ж.б. Албетте, булардын ишине да адилеттүү баа берилиши керек. Сот процесстери ачык жүрүп, коррупцияга аралашкандары аныкпы же саясый кысым болгонбу? Дал ушул өңүттө элге даана маалыматгар жетсе, ачык-айкын түрдө коомчулуктун баасы берилет. Ток этери, С.Шарипович кечээги А.Шаршеновичтин камакка алган душмандарьш жана кийинкилерин дагы өзүнө каршылаш катары коюп алганы болду. Мындан ары бийликке каршы күчтөр дагы кызыганы калды окшойт. Ошон үчүн Акүйдүн 7-кабаты татыктуу, белдүү азаматгарды өзүнө тартышы зарыл. .

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: